Menu

ИИМдин жүгүн артынган Асанов гана окшойт

Бөлүшүү:

Өлкөдөгү олуттуу тармактардын бири болгон Ички иштер министрлигибиз бар эмеспи. Мына ошол министрликте бир топ убакыттан бе­ри министрдин орун басары болуп иштеп келе жаткан Курсан Асанов өз ишин мыкты билген адис. ИИМ боюнча Жогорку Кеңештин жыйынында ушул Курсан мырзанын эле жүргөнүн көрөсүң. Коомдук иш-чараларда да Курсан Асанов гана жүрөт. Дегеле жалпы мамлекетте ИИМ тармагында эмне болуп, коюп атсада Курсан Асанов жооп берип, же аралашып жүрөт. Баса Курсан Асанов деген кайдан чыккан эме дебегиле. Кыргызстан парламенттик багытка түшүп, партиялар аркылуу эл өкүлдөрү тандалып алынганда 2010-жылы Курсан Асанов да эл өкүлү катары Жогорку Кеңештин депутаты бол­гон. (Ошол мезгилдеги Ош окуясындагы эрдигин айтпай эле туралы) Мына ошондо Курсан Асанов жанынын тынчтыгына карап, беш жыл бою депутаттык креслодо олтура берсе деле эч ким тийише алмак эмес. Бирок ал антпеди. Өмүр бою иштеп, тажрыйба топтоп, кадыр-барк күткөн, мээнетин да көргөн, жүрөгү каалап сүйгөн тармагы милицияга кайрадан кайтып келди. Анткени, ошол убакта 2010-жылдагы коогалаңдуу июнь окуясынын бир жылдыгы алдында кырдаал кайра­дан курчуп, окуя кайра кайталануу коркунучу бар эле. Мындан улам Курсан мырзаны мамлекет жетекчилиги кайрадан ички иштер органына алып келүүгө аргасыз болушкан. Андан бери Ички иштер министринин орун басары, Генерал-Майор Курсан Асанов ИИМ тармагында олуттуу реформалардын башында туруп, кыйын кырдаалдын саркындылары менен тынбай күрөш жүргүзүп, Кыргызстанда акыйкат-демократиялуу коомду курууга жасалган аракеттерге өз салымын татыктуу кошуп келет. Балким, кабинеттен чыкпаган айрымдарга салыштырмалуу ушул ки­ши министр болсо кандай болот эле?

Булак: Де-Факто 

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − 21 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: