Menu

Мезгилдин өктөм талабы

Бөлүшүү:

Былтыр жаңы бийлик келди, эми ага колдон келген жардамды берели деген кептер жамгырдай жааган. Балдар өкмөтү кетип, чалдар бийлиги келди кантээр экенбиз деген санаанын кучагында калгандардын пикири аныгына жетти окшоду. Анткени Мухаммедкалый Абылгазиевдин катарына тизилген кадрлары четинен ыдырап, сынактан толук өзүн көрсөтө албай көбү кызматтан шыпырылды. Алардын ордуна келгендердин ичинен деле камчы сапка жарактуулары жок экени алаканга салгандай байкалып турат.

Бир сөз менен тарс эттире айтканда бажаларды калкалаган, кудаларды колдоого алган өкмөттүн тигиштери сөгүлүп калганы көзгө айкын көрүндү. Бүгүнкү күндө ошол ээрге кыйшак отурган, кайда барса жагымсыз “жел” чыгарган өкмөттү кетирүүгө неге ак үйдүн эң жогорку кабатында отургандар чечкинсиз болуп жатышат? Канча ирет парламентте колдосо деле дээринде жок өкмөт башчыдан кайдагы батыл кадам жасалмак эле деген суроо эпсиз берилүүдө. Ошондуктан бышкан маселени оң тарапка чечип, батыл иштөөгө жөндүүлөрдөн кызматты алакчылабай туура кадамга баруу кажет. Акылы бар адамды бүгүнкү түзүлгөн кырдаал ойлондурбай койбойт. Анткени бийлик талаштан улам  жаралар ырбап, сени шашпа, кырдан түртүп жибербесемби деген кырчылдашуулар апогейине жетип бараткансыйт. Колунан кушун жулдуруп жибергендер бираз оңдонуп алгандыктан кайрадан топ жарып чыгууга жанталбастап жатканы алаканга салгандай баамдалып калды. Улам-улам “кызыл эт өрдөктөрүн” учуруп элдин көңүлүн өзү тарапка оодарууга аракетин чегергендер көрсө бийликти, байлыкты эң алдыга коюшаары айкындалды. Чынын айтканда эпсиз шылуундардын эле ооматы жанып, жай турмуштагы адамдардын башы айланып турган чагы.

Эмне үчүн элди жүдөткөн, мамлекетке анчалык пайда келтирбеген кадрлардан оолак болбой жатабыз? Сөзсүз эле ишенимге кирген адамды иштин көзүн билбесе деле үлкөн тармакты башкартуу зарылбы? Балким, ошол чабылган эски жолдон буйтап өтүп, шахматтык жүрүштү өзгөчө нукка салууга убакыт келгендир? Өкмөт башчылыкты тобокелчиликке салып мыкты айымдарга ыйгарсак неге болбойт? Өлкө оор кырдаалда турганда Роза Отунбаеваны саясатта мен кыйынмын деген мырзалар өздөрү башчылыкка түртмөктөшпөдү беле? Бир жарым жыл болсо да ошол айым мамлекетти жетектеп, колунан келгенди жасаганын тарых унуттурбайт чыгар? Демек, ушундай катаал учурда неден чоочулайбыз? Кайсыл өкмөт башына келген мырзанын алгылыктуу жүрүштөрүн эсибизге келтирип, ага ыраазычылык билдире алабыз? Андайда бутубуз менен жерди чукуп отуруп беребиз. Себеби, тың иштеген, баткакты кечпеген таза кадрды манжаңды даярдасаң да ийкемге келбейт. Демек, коркпой, үркпөй эле татыктуу айымдарды мамлекеттик жогорку кызматка тартса болорун кысынбай эле кыстара кетели. Өкмөт башчылыкты тартып кете турган айымдар барбы деген собол ташталса жооп даяр. Дамира Ниязалиева кандай кызматта болсо да өзүнүн дараметин айгинелей алган. Акыркы кызматы өкмөт башчынын орун басарлыгы болгону эсибизде. Иштин майын чыгара кылгандыгынан улам министрлер, ар кыл тармактардын жетекчилери Ниязалиева жыйын өткөргөндө кыпылдап тургандарын далай ирет уккан жайыбыз бар. Анткени ал жоопкерчиликти катуу талап кылганы менен артыкчылыкка ээ болгон. Шалаакылык кылгандарды, кыянаттык менен кызматынан пайдалангандарды кынына киргизип жиберчү. Социалдык маселелерден сырткары экономиканы да Дамира айым жакындан билет. Бизнеске аралашып жүргөндүктөн ишкерлердин түйшүгүн, төккөн салыгын, көмүскө сырларын биротоло жаттап бүткөн. Тилекке каршы эми күүлөнүп келатканда фракция ыдырап кетип, анын кээри күжүлдөп иштеп жаткандарга тийди. Алардын ичинде Дамира айым да бар болчу. Кийинки командага башчы болуп келген “командир” өзүнө түспөлдөш адамдарды жанына топтоду. Бул ыкманы бийликке келгендердин баары колдонуп келгени ачыкталган. Командага басым жасагандан көрө иштин көзүн билгендерди тегерегине жыйнаса өлкө үчүн алда канча майнаптуу болорун танбай эле коелучу?

Арийне, саясаттын ташын оң тарапка оодарууга, кандай учурда кыйшык жолдон түз жолго түшүрүүгө болоруна Дамиранын кудурети жетерине кепилдик берсе болот. Кыйладан бери карай кызматта болбосо да жакыр жашагандарга көмөгүн көрсөтүп, майыптардын башынан сылап жардамын берип жүргөн бул айымдын кылгандарын акчалуумун деп корсолоңдогондордун көбү кыла элек. Бир колун жумса да, экинчисин ачкандардын иши өйдө көздөй көтөрүлөрүн жон терибиз аркылуу туйуп турабыз да. Анын дагы бир артыкчылыгы-колунда берекеси барында, өзү адал мээнети менен шартын түзүп алганында. Демек, мамлекеттин казынасына элге жакын болгон адам башкаларга окшоп суук колун матырбайт. Ошондой эле абысындарын, тууган-туушкандарын, өкүл кыздарын кызматка койбойт. Мындай терс сапат жөнөкөйлүгү аркылуу элге таанылган Дамиранын жан дүйнөсүндө жашабайт.

Ток этерин айтканда төп тарабы келишкен, тажрыйбасы мол кадрды неге бийлик көрмөксөнгө салып, жакындатпай жатат? Балким, мыктылардын көлөкөсүндө калгысы келбей жатышат шекилди. Эгерде туура бийдин принцибин карманышса Д. Ниязалиеванын топтолгон тажрыйбасын колдонууга жолду кеңири ачышмак. Анан калса аялдан чыккан кадрлар ишке өтө этият мамиле жасашып, жаңылыштык кетирүүдөн оолак болушаары жалпыга маалым эмеспи. Тобокелчиликке салып эксперимент катары өкмөт башчылыкты аял кадрга ыйгарып көрбөйлүбү? Бир жагынан азыркы өкмөт башчынын ресурсу түгөнгөнү айгинеленди. Мамлекеттин кызыкчылыгын биринчи орунга коюуга ниетин бурушса чоң өзгөрүүлөргө багыт алмакпыз. Биз айтчусун айттык, кезек бийликтин лөктөрүндө. Негизи омоктуу маселенин өзөгүн жакшылап акылга салып калчап чыгышса бул сөздүн тегин жерден айтылбаганына ынанышмак. Ошого өлкө башчысынын эрки жетер бекен…

Р. Калысбеков

Булак: “Ачык сөз”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 8

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: