Menu

2022-жылкы футбол дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоодо Кыргызстандын атаандаштары аныкталды

Бөлүшүү:

Футбол боюнча кезектеги дүйнө чемпионаты Катар өлкөсүндө 2022-жылы өтөөрүн күйөрмандар билет. Ошол дүйнө чемпионатына мыктыларды тандоонун экинчи этабындагы мелдештери ар бир континенте өтүп, мыктылар иргелип, дүйнөлүк таймашууга жолдомо алышат.

Ошондуктан 17-июлда Малайзиянын борбору Куала-Кумпур шаарында Азия футбол конфедерациясынын мүчөсү болгон 40 өлкөнүн командалары үчүн чучукулак кармалып, 8 тайпага бөлүнгөн командалардын атаандаштары аныкталды. Кыргызстандын улуттук тандалма командасынын дагы атаандаштары аныкталды. Кыргызстандык футболчулар “F” тайпасында Жапония, Тажикстан, Мьянма жана Монголия өлкөлөрүнүн командалары менен беттешип, тагдырын сынайт.

Футбол боюнча 2022-жылкы дүйнө чемпионатына талапкерлерди тандоонун экинчи этабында Азиядан 12 команда иргелип алынат. Алар 8 тайпанын жеңүүчүлөрү жана экинчи орундарды ээлеген 4 мыкты командалар болуп саналат. Ал эми мыктыларды иргеп алуунун үчүнчү этабында Азиядагы эң күчтүү командаларга Катардагы 2022 жылкы дүйнө чемпионатына жана 2023-жылкы Азия Кубогунун финалдык беттешүүлөрүнө жолдомолор ыйгарылат.

Чучукулактын жыйынтыгы төмөнкүдөй болду:

А тайпасы: Кытай, Сирия, Филиппин, Мальдив, Гуам;

В тайпасы: Австралия, Иордания, Кытай Тайбэйи, Кувейт, Непал;

С тайпасы: Иран, Ирак, Бахрейн, Гонконг, Камбоджа;

D тайпасы: Сауд Аравиясы, Өзбекстан, Палестина, Йемен, Сингапур;

E тайпасы: Катар, Оман, Индия, Ооганстан, Бангладеш;

F тайпасы: Жапония, Кыргызстан, Тажикстан, Мьянма, Монголия;

G тайпасы: Бириккен Араб Эмираттары, Вьетнам, Таиланд, Малайзия, Индонезия;

H тайпасы: Түштүк Корея, Ливан, Түндүк Корея, Түркмөнстан, Шри-Ланка.

Александр Крестинин жетектеген Кыргызстандын тандалма командасынын биринчи оюну 5-сентябрда Тажикстанда болмокчу. Ал эми Бишкек шаарында 10-октябрда Мьянма командасын кабыл алып, кезектеги беттешүүгө күбө болобуз.

Футбол күйөрмандары үчүн Кыргызстандын оюндарынын жадыбалы:

1- тур, 5- сентябрь
Тажикстан — Кыргызстан

2- тур, 10- сентябрь
Кыргызстандын командасы эс алат

3- тур, 10- октябрь
Кыргызстан — Мьянма

4- тур, 15- октябрь

Монголия — Кыргызстан

5- тур, 14- ноябрь

Кыргызстан — Жапония

6- тур, 19- ноябрь

Кыргызстан — Тажикстан

7- тур, 26-март 2020-жыл
Кыргызстандын командасы эс алат

8-тур, 31- март 2020-жыл

Мьянма — Кыргызстан

9-тур, 4-июнь 2020-жы
Кыргызстан — Монголия

10- тур, 9- июнь
Жапония — Кыргызстан

Ошентип, алдыда кыргызстандык футболчулар үчүн чоң сыноо турат. Кыргызстандын атаандаштарынан Жапониянын командасы абдан күчтүү. Ал эми калган командалар менен теңтайлаша ойноп, үчүнчү этапка чыгып калышы да ажеп эмес. Топ томолок дегендей кмидер мыкты экенин алдыдагы мелдештер көрсөтмөкчү…

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 50 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: