Menu

Трамптын кеңешчиси Орусия элчиси менен сүйлөшкөнү үчүн кызматтан кетти

Бөлүшүү:

АКШ президенти Дональд Трамптын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майкл Флинн дүйшөмбү кечинде отставкага кетти. Бул тууралуу америкалык маалымат каражаттары Флинндин кызматтан кетүү тууралуу жазган билдирүүсүнө таянып кабарлашты.

Өз билдирүүсүндө Флинн Орусиянын Вашингтондогу элчиси Сергей Кисляк менен сүйлөшкөндүгү тууралуу вице-президент Майкл Пенске толук эмес маалымат бергендиги үчүн кечирим сураган.

Бир нече күн мурда Флинн Орусиянын АКШдагы элчиси менен болгон сүйлөшүүсү маалында Орусияга киргизилген санкциялар талкууланганын четке каккан. Флинн элчи экөө бири-бирин жаңы жыл менен куттуктап, анча маанилүү болбогон темалар жөнүндө сүйлөшкөнүн айткан.

Бирок Башкы прокуратура Флинн чынында Кисляк менен декабрдын соңунда санкциялар тууралуу сүйлөшүп, аны администрациядан жашырып койгонун Акүйгө кабарлаган. Муну менен ал Москва тараптан жасалган коркутуп-үркүтүүлөрдүн потенциалдуу объектисине айланган.

Сүйлөшүү маалында Флинн эч кандай жашыруун сырларды айткан эмес, бирок жаңы президент кызматка киришип, санкция боюнча чечим кабыл алганча, бул маанилүү маселени чет өлкөлүк дипломат менен сүйлөшүү – эреже бузуу болуп эсептелет.

АКШнын чалгындоо кызматы Флинн менен Сергей Кисляктын ортосундагы телефондук сүйлөшүүнү штаттык режимде тыңшаган болчу.

 

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 47 − = 38

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: