Menu

Ишенбай Кадырбеков, коомдук ишмер: “Асылбек Жээнбеков партиядан чыгып, туура кадам жасады”

Бөлүшүү:

Асылбек Жээнбековдун КСДПнын катарынан чыгуу тууралуу билдирүүсү коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. Айрымдар «эми депутаттык мандатын тапшырсын» дешет. Бир бөлүгү Жээнбековдун депутат катары мурдатан активдүү болуп келгенин белгилешип, фракциядагы ишмердигин улантууга мыйзам жол берерин айтышууда. Бул багытта, «партиядан чыккан Жээнбековдун депутат болуп фракцияда кала беришинин юридикалык жагы кандай болот?» деген суроону Ишенбай Кадырбековго узаттык.

– Ишенбай Дүйшенбиевич, Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкканын расмий жарыя кылды. А бирок «фракцияда депутат катары ишмердигимди уланта берем» деди. Мыйзамдуулук жагы кандай болот?

– Партиядан чыгып, бирок анын «фракцияда кала берем» дегени моралдык жактан түйшөлтөт. А юридикалык жактан туура, «Избирательный мандат» болгондуктан, партиядан чыгып, бирок фракцияда кала беришине мыйзам жол берет. Себеби, ал партиянын алдында жоопкерчилиги жок. Эч ким чакыртып да ала албайт. Бул Конституцияда каралган. Андыктан, жагдайдын бир гана моралдык жагы суроо туудурушу мүмкүн. Анткен менен менин оюмча, Асылбек Жээнбеков туура кадам жасап жатат. Себеби, партиянын лидери Атамбаевди билесиңер, Жээнбеков президент болуп шайланганда эле инисин «депутаттыктан кеткиниң» деп өзүнүн позициясын айтып койгон. Асылбек Жээнбеков спикер да болуп, салмактуу саясатчы катары такшалып калгандыктан, лидер менен бир пикирге келе албагандан кийин, партиядан чыгып кеткени жакшы эле болду.

– Буга чейин коомчулукта «КСДПдан Атамбаевди сүрүп чыгаруу аракеттери болот» деген кептер айтылып келаткан. Эми анын мааниси жоголдубу?

– Ал аракет, ал ой ишке ашышы мүмкүн эмес эле. Себеби, мыйзам боюнча партиянын уставы, мөөрү, кол коюу укуктары кимдин колунда болсо, партия ошонун колунда гана калат. Илгертен эле партиянын ичинде да, фракциянын ичинде да оппортунисттер болгон. Алар өз-өзүнчө чечимдерди кабыл ала беришет. Бирок, партиянын делегаттарын чогултуп, съездин өткөрүп, кворум кылып, чечим кабыл алып, төрага шайласа, анан ал съезддин чечими тууралуу расмий маалыматтарын бергенден кийин гана юридикалык күчкө ээ болот. Бир ууч топ чогулуп алып эле «биз чоңбуз» дешкени болбогон нерсе. Бул көрүнүштүн баарын туура түшүнүү керек. Жашап жаткан, кыймылы бар партияларда ушундай жандуу көрүнүштөр болуп турат. Көпчүлүк менен азчылык талашып-тартышуусу мыйзамченемдүү нерсе. Кыймылсыз, аты эле бар партияларда тынчтык өкүм сүрөт, иш да жүрбөйт.

– «Атамбаевсиз КСДП» кыймылынын съездинде Сагынбек Абдрахмановдун партия лидери болуп шайланышы легитимдүүбү?

– Легитимсиз да. Анын колунда КСДПнын уставы да, мөөрү да жок.

– Эгерде алар юстиция министрлигинен каттоодон өтө алышсачы?..

– КСДП эбак катталган партия. Канча жылдан бери жашап келатканын баары билет. «Эми КСДПнын лидеримин» деген менен маселе чечилбейт, лидер болуп калбайт.

Булак: «Азия ньюс»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 52 − = 42

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: