Menu

Фото – Лаборанттын шалаакылыгынан экологиялык олуттуу залалдарга жол ачылган

Бөлүшүү:

Ноокен районуна караштуу Шайдан айыл аймагындагы Тоскоол-Ата токой чарбасы Жалал-Абад областындагы башка токой чарбалардан өзгөчөлөнгөн уникалдуулугу менен айрымаланат. Аталган токой чарбасы беш бөлүмдөн: Алаш, Казар-Мазар, Кара-Мисте, Гөлмөн жана Семендик токой бөлүмдөрүнөн турат. Токой чарбасынын башкы уникалдуулугу төмөндөгүчө: жалпы токой аянты 29 578 га болуп, мунун ичинен 1200 га аянтын табигый шартта өсүп жетилген жаңгак токойлору, 7462 га аянтты мисте токойлору, 70 га аянтты бадам токойлору ээлеп турат. Ар түркүн дарактар өскөн аралаш токой аянттары дагы арбын аянтты ээлейт. Мал жайыт аянттары 29 982 га жерди түзөт. Жаңгак, мисте жана бадам токойлору Тоскоол-Ата айылында жашаган жергиликтүү элге асырап кароо үчүн ижарага бөлүнүп берилген.

-Акыркы жылдары Тоскоол-Ата токой чарбасынын уникалдуу кайталангыс токойлорунда малак курттардын, же түгөйсүз көпөлөктөрдүн кескин түрдө көбөйүп кетүүсү бир топ шаштыбызды алып турган чагы. Учурда Тоскоол-Ата айылынын жергиликтүү жашоочулары малак курттарынын уруктарын жыйноону астейдил колго алышкан. Анын бир килограммына токой чарбасы тарабынан 120 сом төлөнүп берилет. Быйылкы жылы 557 кг. малак курттарынын уруктары жыйналды. Бирок, малак куртунун уруктары абдан жеңил келип, суук келген кыш айларында аны жыйноо иши дагы өтө машакаттуу жана талыкпаган эмгекти талап кылат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын  “Токой эгүү жана токой байлыктарын өстүрүү” долбоорунун алкагында элибиз тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш аракеттер жаман эмес. Токой байлыгын жаш көчөттөрдүн эсебинен олтургузуп байытуу максатындагы калктын кызмат акысына ун, күрүч жана өсүмдүк майлары ж.б. азык-түлүктөр таратылып берилүүдө. Бул багытта акыркы 5 жылдын аралыгында бир топ демилгелүү иштер аткарылды. Мындан сырткары акыркы жылдары жергиликтүү эл тарабынан  бош жаткан токой аянттарына ширин бадам өстүрүү иш аракеттеринин жандангандыгы бизди өтө кубантууда,- дейт Тоскоол-Ата токой чарбасынын токой өстүрүү инженери Курманбек Исабаев.

Жалал-Абад областында токой байлыктарына олуттуу зыянын тийгизип келе жаткан малак курту, же түгөйсүз көпөлөктөр акыркы жылдары чоң маселе жаратып келүүдө. Бул зыянкечтер дарактардын кандай түрүнө карабастан алардын жалбырактарын жеп жок кылууда. Натыйжада жалбыраксыз калган токойлор күн нурунан алынуучу биологиялык фотосинтездөө азыктарын жүргүзө албай, алардын түшүмдүүлүгү жыл санап кескин түрдө азайып барууда.

-Малак курттка, же түгөйсүз көпөлөктөргө (непарный шелкопряд) каршы аларды жок кылуучу мителерди (паразиттерди) иштеп чыгуу максатында 1968-жылы Францияда атайын лабораториялык илимий изилдөө иштери кызуу жүргүзүлө  баштайт. Бул ишке АКШнын илимий чөйрөсү дагы кызуу киришип, Франциядан белгилүү сандагы малак курттарын атайын кольба идишинде өздөрүнө алдырышат. АКШда лабораториялык илимий иштер жүргүзүлүп жаткан биологиялык илимий борбордун катардагы лаборант айымынын өз ишине жасаган шалаакылык мамилесинен улам кольбадагы бир нече малак куртунун уруктарын таштоочу түгөйсүз көпөлөктөр ачык турган терезенин форточкасынан учуп чыгып кетишет. Анын айынан Франциядан АКШга алынып келинген малак куртту, же түгөйсүз көпөлөктөр Түндүк Америка материгинин АКШ жана Канада сыяктуу ири мамлекеттеринин токойлоруна дагы экологиялык оор залалдарын келтире баштаган. Америкада малак куртун “gipsy moth” – же “цыган көпөлөктөрү” деп атап коюшат. Анткени бул зыянкеч көпөлөктөр көбөйүүгө ыңгайлуу жана жагымдуу келген жерлерге көчүп, учуп жүрүүгө абдан ыңгайлашкан. Бүгүнкү күндө малак курту, же түгөйсүз көпөлөктөр Ооганстанда, Азербайжанда, Япония, АКШ, Канадада жана Борбордук Азияда кеңири тараган. Же болбосо жер шарынын 58- мердианында көп учурайт. Малак куртун пайда кылуучу бир көпөлөк орто эсеп менен 600-700 урук таштоо мүмкүнчүлүгүнө ээ,- дейт биология илимдеринин доктору, профессор Камил Ашимов.

Азыркы мезгилде дүйнө окумуштуулары малак куртуна каршы күрөшүүнүн адам баласына зыянсыз болгон экологиялык таза жолун – биологиялык  жолунун үстүндө иш алып барышууда. Ага каршы химиялык күрөшүү жолу экологиялык оор кесепеттер менен зыяндарга алып келээри талашсыз маселе болуп калды. Малак куртуна карщы акыркы жолу химиялык иштетүү 1986-жылы Кочкор-Ата токой чарбасынын мисте токойлоруна жүргүзүлгөн.

Тоскоол-Ата токой чарбасынын аймагында 2,5 миңден ашуун калк жашайт. Бүгүнкү күндө Жалал-Абад областында 40 миң гектардан ашуун жаңгак токойлору жана 33 миң гектардан ашуун табигый түрүндө өскөн мисте токойлору бар. Жаңгак жана мисте токойлору Сузак, Базар-Коргон, Ноокен жана Аксы райондорунда абдан жыш өскөн.

Жолдошбай Осмонов, журналист

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 47 = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: