Коррупцияга каршы күрөшүү бюросу бозгундагы оппозициялык олигарх, мурунку банкир Мухтар Аблязовду БТА Банктын “каражатын кымыруу” иши боюнча тергөөгө кайра чакырды. Бюро таркаткан маалыматка караганда Аблязов суракка 15-февралдан кеч калбай келиши керек.
Коррупцияга каршы күрөшүү бюросунун билдирүүсүндө Мухтар Аблязов БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган маалда жети миллиарддан ашуун доллар уурдалганы жана бул факт боюнча иликтөө жүрүп жатканы айтылат.
Аблязов кылмыштуу топту түзүүгө жана жетекчилик кылууга, кылмыштуу жол менен алынган акчаны адалдоого, банктын каражатын мыйзамсыз колдонууга жана кызмат абалынан кыянат пайдалануу менен мүлктү чыгымга учуратууга шектелүүдө.
2013-жылдан бери француз түрмөсүндө жаткан Аблязов 2015-жылы сентябрда эркиндик алган. Франциянын Мамлекеттик кеңеши оппозиционерди Орусияга өткөрүп берүү боюнча чечимди жокко чыгарган. Мындай кадамын кеңеш Аблязовдун саясий себептерден улам куугунтукка алынганы менен түшүндүргөн.
Коррупцияга каршы күрөшүү бюросу Аблязовду 10-февралда дагы суракка чакырганын бирок ал келбегенин жана себептерин түшүндүрбөгөнүн баса белгиледи.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ