Түндүк Кореянын маркум лидери Ким Чен Ирдин Куала-Лумпур аэропортунда өлтүрүлгөн уулу Ким Чен Нам 2012-жылы иниси Ким Чен Ынга кат жазып, өзүн жана үй-бүлөсүн өлтүрбөөсүн өтүнгөн. Бул тууралуу Түштүк Кореянын Улуттук чалгындоо кызматынын директору Ли Бён Хо билдирди.
Анда Ким Чен Нам инисине өзү да, балдары да бийликке умтулбастыгын, болгону өлкө сыртында тынч жашоону каалай турганын айткан.
Маалыматка караганда, Ким Чен Намдын мурдагы аялы уулу менен Пекинде, экинчиси эки баласы менен Макаодо жашайт. Аларды кытай бийлиги кайтарууга алган. Ким Чен Намдын өзү баш паанек сурап Түштүк Кореяга эч качан кайрылган эмес жана досторунун андай кеңештерин да кабыл алуудан баш тартып келген.
Ли Бён Хо Түндүк Корея лидеринин агасы ууландырылганын ырастады. Анын айтымында, Түндүк Кореянын атайын кызматы Ким Чен Намды акыркы беш жылдан бери аңдып жүргөн, бирок аларга Кытай бийлигинин кайтаруусу тоскоолдук кылып келген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ