Тажикстан бийлиги тажик-өзбек чек арасын минадан зыянсыздандыруу боюнча жаңы сунуштардын топтомун даярдоодо. Эгер Ташкент Дүйшөмбүгө мина коюлган тилкелердин картасын берсе, эки тараптын адистери ишке киришет.
Тажик бийлигинин эсеби боюнча чек арага жакын 9,5 чарчы чакырым аймак минадан тазалана элек. Өзбекстандын атайын кызматы делимитация боло элек тилкелерге дагы жарылуучу зат коюп таштаган. Учурда Тажикстандын 350 миңдей жашоочусу мина коркунучу алдында жашоодо. Өзбекстан менен чектеш Исфара жана Пенджикент аймактарында мина коюлган тилкелер көп.
Тажик-өзбек чек арасына миналар 2001-2002-жылдар аралыгында, эки өлкөнүн мамилелери сууп кеткен маалда коюлган. Өзбек бийлиги бул аракетин өз аймагын Тажикстандагы Ислам кыймылынын жоочуларынан коргоо катары сыпаттаган.
Согди облусунда эле бул жылдар аралыгында 154 киши минадан жабыркап, 76сы курман болгон. Өзбекстан болсо жалпысынан 150дөй адамын жоготкон. Алардын арасында террорчулар же куралчан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жок.
Тажикстан минага тыюу салуу жөнүндөгү конвенцияга кол койгон, ага ылайык 2020-жылга чейин өлкө андан толугу менен арылышы керек. Тажик-өзбек чек арасындагы тилкелерди минадан тазалоо боюнча сүйлөшүүлөр марттын соңуна белгиленүүдө.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы“
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ