Menu

Фото – “Эң жарашыктуу кийинген студент” аттуу конкурс болуп өттү

Бөлүшүү:

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда «Жарашыктуу студент» аттуу конкурсу болуп өттү. Юридикалык колледждин демилгеси менен уюштурулган иш-чараны ОшМЮИнун ректору юридика илимдеринин кандидаты, профессор Эгемберди Токторов куттуктоо сөзү менен ачып, жаштардын  ар тараптан  өсүп-жетилүүсүндө мындай конкурстардын тарбиялык мааниси чоң экендигин баса белгиледи. Андан кийин конкурс студенттердин кийинүү маданиятын даңазалаган сахнадагы көрүнүштөрү менен башталды. Мында катышкан  жаштар конкурстун түрдүү шарттарын аткаруу менен окуудагы билимдүүлүгүн жана коомдогу жүрүм-турум адептүүлүктөрүн сахна көрүнүштөрү аркылуу үлгү катары көргөзүп беришти.

Калыстар тобу тарабынан берилген суроолор боюнча студенттердин ар тараптуу жөндөмү, чыгармачылык таланты жана эстетикалык табити сыноодон өткөрүлдү. Көрүүчүлөрдүн кызыгуусун ойготкон конкурста мукамдуу музыканын коштоосунда ырлар жаңырып, концерттик программа тартууланып турду.

Конкурстун ар кандай шарттарын жогорку чеберчилик менен  аткарып, калыстардын эң жогорку баасына татыктуу болгон студенттер Мадаминжан уулу Нурсултан менен Мироза Дубанаева баш байгени жеңип алып, «Жарашыктуу кийинген студент» номинациясына ээ болушту.  Бексултан Алмазбеков менен Нурия Шакирова  биринчи орунду ээлесе, Нурбек кызы Мерунза менен Калысбек уулу Шер экинчи орунга жетишти. Ал эми Акбарали кызы Акбермет менен Мыктыбек уулу Байсал үчүнчү орунду камсыз кылышты.

Баш байгени жеңип алган жана  алдыңкы  орундарга жетишкен студенттерге аталган жогорку окуу жайдын ректорунун баалуу белектери менен акчалай сыйлыктары тапшырылды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 61 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: