Белгиленгендей, документтерди текшерүүдө анын атайын үн жабдууларын орнотууга уруксаты жок болгон.
“Мен жашоомдо ичпейм, чекпейм жана сауналарга барбайм. Майор Мамытканов, УКМК. Азыр мен депутаттыкка талапкерлигимдин күбөлүгүн көрсөтөм, “Чоң Казат” партиясы, – деди Максат Мамытканов патрулдук милициянын кызматкерлерине.
Максат Мамытканов башкарып бараткан унаа айып пул короосуна токтотулуп, протокол түзүлдү.
Депутаттыкка талапкер айдаган унаанын мамлекеттик номерин Carchek порталында текшерүүдө унаага “Коопсуз шаар” боюнча 43 миң сомго 14 айып салынгандыгы аныкталды.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ