“Өмүрбек Текебаев өзү Кипрге Алмаз Атамбаевдин мүлктөрүн издеп барып келдим деп айткан болчу, бул маалыматты азыр Генералдык прокуратура иликтеп жатат. Бирок, чет элдик маалымат каражаттары Текебаев Кипрде экс-президент Курманбек Бакиев менен жолукканын жазып жатышат”, – деп билдирди бүгүн, 16-февралда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда КСДПчы депутат Узарбек Жылкыбаев.
“Эгер бул маалымат чын болсо анда бул жалпы кыргыз элине чыккынчылык болот. Бакиев көп кыргыз жаштарынын канына себеп болгон. Чыныбай Акунович, сиз бул факты боюнча УКМКга кайрылыңыз, алар бизге маалымат беришсин”, – деди Узарбек Жылкыбаев.
Булак: Кyrgyztoday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ