Menu

Өзбекстан Каримовдун тууганын экстрадициялоо боюнча Украинага кайрылды

Бөлүшүү:

Өзбекстан прокуратурасы Украинага Ислам Каримовдун жесиринин биртууган жээни, 33 жаштагы Акбарали Абдуллаевди экстрадициялоо өтүнүчү менен кайрылды.

Көзөмөл органдын айыптоочу бүтүмүнө ылайык, Акбарали Абдуллаев миллиондогон каражаттарды энчилеп алууга, чет өлкөлүк валютаны жашырууга, кылмыштуу жол менен табылган каражатты адалдоого айыпталууда. Ага эл аралык издөө жарыяланган.

2013-жылы Абдуллаев оор экономикалык кылмыштарды жасоого айыпталып, Ислам Каримовдун көрсөтмөсү менен камалган. Бир жылдан кийин сот аны 15 жылга түрмөгө кескен, кийинчерээк өкүм өзгөртүлүп, 6,5 жылга эркинен ажыратылган.

Эки жыл түрмөгө отурган соң, Абдуллаев мөөнөтүнөн мурун шарттуу түрдө эркиндикке чыккан. Бирок 2016-жылы президент Ислам Каримовдун өлүмүнөн кийин ал мыйзамсыз түрдө өлкөдөн чыгып кеткен. Быйыл 14-январда Абдуллаев Киев шаарынын эл аралык аэропортунда кармалган. Анын жанынан Өзбекстан жана Доминикана паспорту табылган.

Киевдеги соттук угуу учурунда Акбарали Абдуллаев Өзбекстанда ага карата негизсиз кылмыш иши козголгонун билдирди. Анын жактоочулары айыпталуучу эгер мекенине кайтса, кыйноолорго туш болорун айтып, экстрадицияга жол бербөө керектигин баса белгилешүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 18 − = 10

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: