Menu

Күндүн сүрөтү – Бишкектеги “Ак Кеме” мейманканасындагы обсервацияда жаткан жарандар

Бөлүшүү:

Бүгүн, 16-майда коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб Бишкектеги “Ак Кеме” мейманканасындагы обсервацияда жаткан адамдардын сүрөтүн жарыялады.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин алгоритмине ылайык, чет өлкөдөн келген жарандардан коронавирусту аныктоочу ПЧР-тест алынат. Ошондой эле, алар үч күн бою карантиндик зонада болушат.

“Эгерде анализи терс болуп, байланышта болгондордун катарына кирбесе, анда ал бардык эрежелерди жана талаптарды сактоого милдеттүү болуп, үй карантинине жиберилет. Эгерде үйүндө шарттар жок болсо, анда Саламаттык сактоо министрлиги аны обсервациялардын бирине жайгаштырат. Эгерде тапшырган анализи оң натыйжа көрсөтсө, ал жаран стационарга дарыланууга жаткырылат. Ал эми оорулуулар менен байланышта болгондордун анализи терс чыкса да медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө обсервацияга жаткырылат” – дейт республикалык штаб.

Белгилей кетсек, бул жумада Бишкекке Москвадан 147 жаран, Катардан жана Кувейттен 107 жаран, Германиянын Франкфурт-на-Майне шаарынан 59 жаран, Япониядан жана Кореядан 43 адам жана Түркиядан 330, Санкт-Петербургдан 156 жаран кайтап келген. Ошентип, бул жумада жалпысынан 842 кыргызстандык мекенине кайтып келди.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 26 + = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: