Menu

Өлүм жазасы чыккан иран олигархы 2,5 миллиард доллар төлөөгө милдеттендирилди

Бөлүшүү:

Иран олигархы Бобак Занжани казнага өлкөнүн мунайдан түшкөн 2,5 миллиард доллар кирешесин кайтарып бергенден кийин гана өлүм жазасына тартылат. Өлкөнүн башкы прокуратурасы каражат чет өлкөлүк банктарда сакталуу экенин айтууда.

Иран олигархы 2013-жылы 30-декабрда мунай базарындагы коррупцияга айыпталып, Тегерандагы “Эвин” түрмөсүнө отургузулган. Өлкөнүн 2,5 миллиард долларын чыгашага учуратууга айыпталган Занжаниге өлүм жазасы чыккан. Ал күнөөлүү эместигин, Ирандын Борбордук банкынын суроосу менен чийки затты ташууда ортомчулук кылганын билдирүүдө.

Айыптоолордун бири Тажикстандын Борбордук Банкы Ирандын Улуттук мунай компаниясына 2,5 миллиард доллар төлөп бергенин ырастаган жасалма катка тиешелүү. Бирок Ирандын Борбордук банкы 2,5 миллиард доллар албаганын билдирген. Тажикстан Улуттук банкы дагы кат тууралуу кабары жоктугун, ал жасалма экенин айткан.

Тажикстан бийлиги эч качан Занжани жана анын компаниялары менен күмөндүү келишим түзбөгөнүн жана анын өлкөдө жеке менчиктери жок экенин билдирүүдө. Анткен менен бул мамлекеттеги бир катар курулуш, транспорт, инвестиция жана туристтик компанияларга Бобак Занджани ээлик кылаары айтылып келет.

2016-жылы мартта Тегеран соту миллиардерди жана анын эки өнөктөшүн өлүм жазасына тартуу боюнча чечим чыгарган. Sorinet Group корпарациясынын башчысы Бабак Занжанинин мүлкү 14 миллиард долларга бааланууда. Анын бизнес-империясына Түркия, Иран, Бирикке Араб Эмирлиги, Тажикстан жана Малайзиядагы 65 компания кирет. Ал дүйнөдөгү эң бай ирандык болуп эсептелип келген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 12 + = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: