Menu

Шадыбек Бакыбеков, коомдук ишмер: “Токтогул ГЭСинде 14 млрд суу бар болсо эмне үчүн электр энергиясы арзандабайт?”

Бөлүшүү:

— Энергетика маселеси элдин көйгөйүнө айланган чоң маселе болду. Кыш суук болуп, көмүрдүн баасы дагы көтөрүлүп жатат. Баткен областында көмүрдүн килограммы 7 сомго чейин көтөрүлдү. Жалпы элдин турмушу күндөн күнгө оор болуп бара жатат. Бир жагынан электр энергиясы, жумушсуздук, энергетиканын баасы туш туштан элдин шайын оодарууда. Мамлекет башчылары жарандарыбызды кышка даярдык боюнча штаб өткөрүп даряданымыш эткени менен эч кандай чара көргөн эмес. Монополияга каршы мекемеси, энергетиктер дагы иштеген жокпуз. 70 тыйындан төлөп жатабыз дегени менен акылдуу эсептегичтердин эсептеп чыкканын эл эптеп төлөп атат. Мамлекет өзүнүн жарандарын тоной бербеш керек. Мунун токтотуу зарыл. Мурдагы болуп өткөн революция эмнеден улам болду эле, аны эстеп баарынан сабак алуу зарыл. Жөн эле эки үч эксперттери чыгып алып айтканына ишенип олтурушат. Башка мамлекеттерге салыштырбай эле коюшсун. Алардын жашоосу башка. Тажикстандан гана алдыда экенбиз, калган мамлекеттерден артта калып жатабыз. Токтогул ГЭСинде 14 млрд суу бар болсо эмне үчүн электр энергетика арзандабайт? Эч кандай өндүрүш жок. Электр энергетиканы көп коротуп жаткандар тигүү ишканалары гана иштеп жатканы менен башка эч нерсе деле жок да. Кызыл-Кыянын цемент заводу мурда иштесе, азыр Тажикстан өткөрүп алган. Биздин базарды бажы биримдигине кирген өлкөлөрдүн товарлары басып кетти. Кайда барсаң, Казакстандын цементи, Белорустардын эти турган болот. Кыргызстан картошка менен алмадан башка эч нерсе сата албай калды. Чынында ортодо ортомчулар, энергетиктер өздөрү жалган айтып жатат деп ойлойм. Мисалы Нарында 38 градус суук болуп жатат. Каалабайсыңбы каалайсыңбы 700 киловаттан жогору энергетика жагылат. Элдин чөнтөгүнө карап баа жүргүзбөсөк жалпылап эле элди тегиздеп баа коё берген туура эмес.

Булак: “Жаңы ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 15 − = 7

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: