Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматовго («Ата Мекен») жана Эсептөө палатасынын жоопкерчиликтүү кызматкерлерине кылмыш иш козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.
Кылмыш иш КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүмү (коррупция) жана 315-берененин 2-бөлүмү (кызматтык жасалмалуулук) менен козголгон. Ага УКМК Эсептөө палатасынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча иликтөөгө алган материалдар себеп болгон.
Маалыматта айтылгандай, 2011-жылдын 20-сентябрында Эсептөө палатасынын төрагасы Сабырбек Молдокулов жеңил кызматтык унааларды сатып алуу үчүн тендердик комиссия түзүү тууралуу буйрук чыгарган. Ал комиссияга аудитор Жусуп Иманалиев төрага болсо, аудиторлор Азамат Кангелдиев, А.Шыкмаматов, Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Төлөгөн Чормонов, бөлүм башчы Б.Жаныбеков, башкы адис А.Романов жана транспорт боюнча инженер Н.Беделбаев мүчө болушкан.
«Бирок, тендер факт түрүндө өткөрүлбөй «Мамлекеттик сатып алуулар» мыйзамы одоно бузулган. Эсептөө палатасынын аудиторлору унааны жеке тараптар аркылуу өздөрү тандаган. Тендердик комиссиянын мүчөлөрү менен жашыруун келишим түзүлүп, жасалма документтер даярдалган», – деп айтылат маалыматта.
Источник: turmush
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ