Menu

Алмаз Атамбаев: “Айрым исламдык партиялардын лидерлери: “карагылачы, балким чын эле так ушул Кыргызстандын жолу менен өнүгүш керектир?” деп айтып жатышат”

Бөлүшүү:

Euronews: Сиздин өлкө ИГИЛ же дегеле терроризм менен кандай күрөшүп жатат?

Алмаз Атамбаев: Биз акыркы жылдарда өзүбүздүн антитеррордук борборду жакшы чыңдап алдык. Ушул балээлердин баары, игил, мигил, радикалык агымдар элдин сабатсыздыгынан улам келип чыгат. Акыркы жылдарда, өткөн жылы, үстүбүздөгү жылы биз билим берүүгө башка өлкөлөр сыяктуу бюджеттин 4-5%ын эмес, а 24%ын жумшап жатабыз.

Кудай жалгап, мен көз тийгизгим келбейт, али эч революция боло элек коңшу мамлекеттерден айрымаланып, азырынча бизде бир эле жолу жарылуу болду – кытай элчилигинде. Биз аны дароо ачып, экинчи болтурбаш үчүн чараларды көрүп койдук. Бул жарылуудан адамдар жапа чеккен жок, болгону террорчу өзү гана өлдү.

Euronews: Ошентсе да сиздердин өлкө Сирияга согушка кетип жаткан кыргызстандыктарга байкоо салып, көзөмөлдөп турабы?

Алмаз Атамбаев: Албетте. Азыр андайлар кайра артка кайта башташты. Тиякка кандай жол менен кетишкенин, кайра артка кандай жол менен келип жатышканын биз билебиз. Биз алар жашынган, бизге аларды кайтарбай жаткан мамлекеттер менен да иштешип жатабыз. Албетте, биз бул багытта өтө активдүү иштеп жатабыз. Анткени бул өтө коркунучтуу балаа. Эң башкысы – терроризмдин кесепеттери менен күрөшпөй, ошол радикалдуу ислам чыкпай тургандай кылып коюш керек.  Радикалдуу ислам эмнеден келип чыгат?  Ислам мамлекетинин идеологиясы – бул чынын айтканда социализм сыяктуу. Силердин өлкөлөрдө дейт алар, мисалга араб же борборазия өлкөлөрүнүн конкреттүү аттарын атап, ондогон жылдар бою диктаторлор олтурат, бир үй-бүлө баарын уурдап жатат, а биз баарына тең караган адилеттүү коом курабыз дешет. Демек эмне кылыш керек? Мына ушул жерде Кыргызстан баарына үлгү болуп чыга алат. Анткени реалдуу бийлик чын эле таза шайлоолор аркылуу шайланып жатканын көрсө,  адилеттүүлүк акырындап орноп жатканын сезсе анда башкалар да ошол жол менен кетсе болот. Алтургай айрым исламдык партиялардын лидерлери: “Карагылачы, балким чын эле так ушул Кыргызстандын жолу менен өнүгүш керектир?” деп айтып жатышат. Анткени эгер биз мусулман өлкөлөрү радикализм болбосун десек анда өлкө авторитардык жол менен эмес, диктатордук режим же радикализм жолу менен эмес өнүгүүгө болорун көрсөтүшүбүз керек. Үчүнчү жол бар: бул жол нормалдуу, демократиялуу, светтик өлкөнүн жолу. Биз мына ушуну жасап жатабыз.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 91 − 90 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: