Menu

Казакстанда балдарын эмдетпегендер көбөйдү

Бөлүшүү:

Казакстандын Актөбө облусунун Темир районунда 300дөн ашуун жаңы төрөлгөн баланын ата-энеси  “дин тыюу салат” деген жүйө менен балдарын эмдетүүдөн баш тартышууда.

Райондук оорукананын адистери диний ынанымдардан улам эмдөөдөн качкан ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

– Алар чоочун кишилер менен сүйлөшпөйт. Мындан улам штаттан эки кишини – дарыгер аял менен дарыгер эркекти тандап алдык. Теологдордон, акимчилик менен прокуратура кызматкерлеринен жана дарыгерлерден турган топ дагы үйлөрдү кыдырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Бирок бүгүнкү күнгө чейин үч киши гана эмдөөгө болгон көз карашын оң жагына өзгөрттү, – деди оорукананын башкы дарыгери Ханым Балгазина.

Облустук саламаттыкты сактоо башкармалыгы кабарлагандай, Актөбөдө 2500дөн ашуун баланын ата-энеси эмдөөдөн баш тарткан.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 80

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: