Menu

Атамбаевдин Казакстан тууралуу сөзү казак коомчулугунда кызуу талкууга түштү

Бөлүшүү:

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев Брюсселдеги сапары учурунда “Евроньюс” телеканалына маек берип жатып, Евразия экономикалык биримдиги тууралуу суроого жообунда Казакстандын экономикалык бөгөт коюсунун айынан Кыргызстанда адам өлүмү болгонун мисалдата кеткен.

“Биз кимдир бирөө менен соода алакасын кылышыбыз керек да, коңшулар менен кандайдыр бир багытта мамиле кылуубуз керек. Эгер биз ЕАЭБге өтпөсөк анда биздин мамлекетти экономикалык блокада күтүп турган. 2010-жылы Казакстан бизге 1,5 ай бою бөгөт кылган, анын айынан бизде адам өлүмдөрү болгон. Мына ушундай болгон, анткени блокада – бул жаман нерсе…

Бизде калктын саны 6 миллион. Тумчуланып эле өзүбүз менен өзүбуз болуп жунглидегидей жашашыбыз керекпи? Биз өнүгүшүбүз керек, бизге рынок керек” – деген эле Атамбаев.

Казакстандын маалымат сайттарында Кыргызстандын президентинин бул сөзү кызуу талкууну жаратты.

“Атамбаев чабал президент. Кол сунуп эле жардам сурап жүрөт, Казакстан көп эле жолу жардам берип келатат го”, “Кезинде казактын Кененсарысына саткындык кылды эле, эми орус менен кытайга казакты жамандап, дагы саткындыгын карматканы турат го. Өзүн жамандаган жатка кор болот. Кыргыз агайындар, кийинки убакыттарда омбу-домбу кептериңерди угуп жүрөбүз, неге?” – деген сыяктуу нааразы комментарийлерди окууга болот.

Булак: Кабар24 маалымат-аналитикалык агенттиги

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: