Menu

Тазабек Икрамов: “COVID-19га мен да кабылдым. Үй шартында өзүмдү-өзүм жалгыз кармап, жакындарым менен карым-катнашты кан буугандай токтоттум”

Бөлүшүү:

Бүгүн, 30-июнда ЖКнын депутаты Тазабек Икрамов COVID-19ду жеңгенин айтып, Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жолдоду.

Депутат кайрылуусунда ооруну токтотуу бир гана медициналык кызматкерлерден гана көз каранды эместигин белгилеп, ар бир жаран учурдагы кырдаалга жоопкерчилик менен мамиле кылып, илдетти алдын алууга салымын кошуусу керектигин айткан.

“Азыркы абалды баарыбыз көрүп жатабыз. Өлкөбүз оңой эмес кырдаалга кептелди. Биз чындыкты моюунга алышыбыз керек. Бүтүндөй Европа, алтургай Америка ээ боло албаган илдетке биздин мамлекеттин туруштук бериши күмөн эле. Эми “Дарт берген кудай дабаасын кошо берсин” деп, жалпы элибиз жоопкерчиликти сезчү мезгил келди. Учурунда карантин болду, Өзгөчө кырдаал абалы кирди. Ал натыйжалуу болдубу же жокпу аны териштирип турчу мезгил эмес. Убактысы келет, ар бир сурообуз жоопсуз калбайт. Эми маселенин өзөгү боюнча. Чынын айталы бүгүн биздин медицина кызматкерлери өтө оор кырдаалды башынан кечирип жатат. Өлкөдө илдетке кабылгандардын саны көбөйдү.

Мындай кырдаалдан чыгуунун бир гана жолу калды. Ал ар бир жаран жоопкерчилик менен бул илдеттин алдын алууга салым кошуусу. Тилекке каршы, мен да бул илдетке кабылдым. Үй шартында өзүмдү өзүм жалгыз кармап, үй бүлөм, жакындарым менен катнашты кан буугандай токтоттум. Санитардык абалды так сактадым. Позитивде болдум. Даарыгерлер айткан көрсөтмөлөрдү так аткардым. Кудайга шүгүр, оор күндөр артта калды. Демек, биз бул илдеттен кутулуунун бир гана жолу бул жеке жарандардын жоопкерчилиги экенин жон терим менен сездим.

Азыр биз баарыбыз жумушубуз жок болсо көчөгө басканды токтотуп, эгер зарыл ишибиз болсо медициналык маска тагынып, колубузду антисептик менен улам-улам тазалап, адамдар менен жакындан баарлашуудан качышыбыз керек. Кайталайм, бул илдетти азыр биздин медицина ооздуктай албайт. Бир гана жол ар бир жаран өзүнүн ден соолугуна кам көрүп, жоопкерчилик менен мамиле кылышы зарыл. Ар бир көчөдөгү жаран бүгүнкү күнү вирусту алып жүрүүчү болуп, бир канча кишини илдетке чалдыктырып жатат. Бул өтө коркунучтуу. Биз дайым өзүбүздү эле эмес, башка мекендештерибиздин ден соолугун ойлогонго да милдеттүүбүз! Сактаналы, сак бололу! Аллах колдосун сиздерди” – деп айтылат кайрылууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 56 − 53 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: