Жума этегинде Бишкек шаарынын мэриясы демилге кылып «Баарыбыз лыжа тепкенге чыгабыз» аттуу салтка айланган саамалык ишти жүзөгө ашырды. Вице-мэр Айгүл Рыскулова бул ишти ар дайым жогорку деңгээлде өткөрүп келет. Шаардагы баардык балдар үйүндө тарбияланып жаткан жеткинчектерди тоо этектетип, ак кар үстүндө ар кыл спортгук иш-чара аркылуу маанайларын көтөрүп, жетимсиретпей, мамлекет камкордукка алганын тастыктайт. «Кар киши жасоо», «бука тартыш», «аркан тартыш», «таяк тартыш» жана эң негизги болгон лыжа тебүү жарышы сынагы менен иш-чара көркүнө чыгат. Жеңүүчүлөр Бишкек шаарынын мэри тарабынан грамота, диплом жана баалуу белек-бечкектер менен сыйланат.
Булак: “Азия ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ