Menu

“Де Фактонун” редакторунун башын жарышты. Кезек кимде?

Бөлүшүү:

Ички иштер министринин орун басары Курсан Асановдун “Азия Ньюс” гезитинин баш редактору Аслан Сартбаевди кулак түпкүргө бастыра урганы коомчулукта талкууга алынып бүтө электе дагы бир үрөй учурган кабарды уктук. 10-февралда, кечки саат 21.30 чамасында “Де-Факто” гезитинин башкы редактору Амантур Мусагуловду белгисиз эки бала сабап, башка таяк уруп, башын жарып кеткени айтылды.

“Илгери Кыргызстанда журналисттерди сабап кетүү, атүгүл өлтүрүп таштоо катардагы көрүнүш болчу. Биздин шефтин тушунда, тфу-тфу, андай фактылар жок”,- деп интервью бергенди жактырышат эмеспи эрке талтаңдар. Бирок, акыркы окуялар ал тастыктаманы түп-орду менен жок кылды. Ошондон улам, “Жунгли закону” кайтып келаткандай таасир калууда. Булар журналисттердин эки тарапка бөлүнүп алып каршылашканынан да пайдаланышууда. Ошондуктан, бийликтик-оппозициялык, түндүктүк-түштүктүк дегенди коюп, бир муштум болуп бирикпесек, Амантурга келгендер четибизден башыбызды жарып, жоопкерчиликсиз кете беришет.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 23 − 15 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: