Нью-Йоркто Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлү Виталий Чуркин каза болду. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Виталий Чуркин бүгүн, 21-февралда 65 жашка толмок.
Америкалык “Нью-Йорк пост” басылмасынын маалыматына караганда, ал Орусиянын дипломатиялык өкүлчүлүгүндө жүргөн маалда жүрөгү кармап, «оор жана эстен танган абалда» ооруканага жеткирилген.
Виталий Чуркин 1974-жылы Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтун аяктаган, англис, француз жана монгол тилдерин билген. Дипломатиялык карьерасын СССР ТИМинин котормо бөлүмүндө баштаган. 1970-жылдары стратегиялык куралданууну чектөө тууралуу Женевадагы (ОСВ-2) советтик-америкалык сүйлөшүүлөргө котормочу катары катышкан. Кийин Орусиянын Бельгиядагы, андан соң Канададагы элчиси болгон. Виталий Чуркин Орусиянын БУУдагы жана БУУнун алдындагы Коопсуздук кеңешиндеги туруктуу өкүлү болуп 2006-жылдан бери иштеп келген.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ