Menu

Үч жыл ичинде Донбасста дээрлик 10 миң киши курман болду

Бөлүшүү:

2014-жылдын 20-февралынан бери Донбасста дээрдик 10 миң киши каза болуп, 23 миңге жакыны жараат алган. Бул тууралуу Украинанын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө айтылат.

Крымдын аннексияланышына жана Донбасстагы кан төгүүлөргө себеп болгон Орусиянын аскердик операциясы башталган үч жыл ичинде дээрлик эки миллион адам жер которууга аргасыз болгон. Учурда орус-украин чек арасынын 409 чакырымга созулган аймагы Украина өкмөтүнүн көзөмөлүндө эмес. Ал жер аркылуу Орусия дайыма Украинага жалданма аскерлерди жана курал-жарактарды жөнөтүп келет. “Агрессор-мамлекет тарабынан Украина аймагынын 7 пайызы басылып алынды. Анда оккупация менен тынымсыз террор шартында миллиондогон украин жарандары жашап келет”, – деп айтылат украин ТИМинин билдирүүсүндө.

Киев Москваны Донбасстагы жаңжалды тынч жөнгө салуу боюнча Минск келишимдериндеги милдеттенмелерин аткарып, аннексияланган Крымда жана жикчилдердин көзөмөлүндөгү аймактарда адам укуктары менен эркиндиктерин бузууну тез арада токтотууга, украин тутукундары менен саясий туткундарды бошотууга жана Крымды Украинага кайтарып берүүгө чакырууда.

Өткөн суткада жикчилдер украин аскерлеринин Донбасстагы позицияларына карата 74төн кем эмес жолу ок чыгарышты. «Украинская правда» басылмасынын маалыматы боюнча анын жыйынтыгында эки аскер кызматкери жардан болду. Буга карабастан Украинанын Коргоо министрлиги аймакта согуштук аракеттердин ургалдуулугу жайлаганын билдирүүдө.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 + = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: