Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада 2017-жылдын 25-февралында кары адамдардын өз ара жардамдашуу тобунун “Алтын курактагы шыктануу” аттуу чыгармачыл фестивалы өтөт. Иш-чара “Карылар Кыргыз республикасынын тарыхый-маданий мурасын алып жүрүүчүлөр” долбоорунун алкагында Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин көмөгүндө өтөт. Долбоордун максаты – карылардын социалдык-маданий шарттар менен камсыз болуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү, Кыргыз республикасынын кары адамдарынын өз ара жардамдашуу тобунун чыгармачылык жана потенциалдык мүмкүнчүлүгүн ачуу. Бул иш- чарага 200дөн ашык карылар катышат.
Булак: “Багыт.kg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ