Menu

Урмат Барыктабасов, президенттике экс-талапкер: “Убагында Жумагул Сооданбековго бир “Вольво” машинесин белек кылгамын”

Бөлүшүү:

КР президенттигине экс-талапкер Урмат Барыктабасов өзүнүн Фейсбук социалдык түйүнүндөгү баракчасына жаңы пост жазды:

“90-жылдары бизнесим жакшы жүрүп жаткан кез. Быягынан кант вагондоп түшүп атат… Быягы темир Кытайга жүктөлүп жатат… Быягы Кытай, Гонконг, Сингапур… Эми укмуш эле болчу. Ошондо отузга чыга элек кезим болчу.
“Ысык-Көлгө жаңы губернатор келди” деп угуп калдым. Теледен сүйлөгөнүн угуп көрсөм жакшы угулду. “Ии, элге кызмат өтөйт экен” деп ойлоп койдум… Балыкчыда шаардын биринчи секретары Токтосунов Камчыбек деген адам болчу.

—Шаардын күнүн өткөрөбүз, эмне салым кошосун? –  деп сурады.

— Эмне салым кошушум керек? –  дедим.
— Губернатор келет, ошого бир белек берсек жакшы болот эле – деди.
— Ойлонуп көрөйүн -дедим.
Эртеси кайта чакырды да:

— И, ойлондунбу?” – деп сурады.

— Ооба ойлондум, короодо эки машине бар, ошонун бирөөсүн берейин, – дедим.

— Эмне машине? -деп сурады.
— Эки жаңы “Вольво” бар, бирөө ак, бирөөсү көгүш – деп айттым.
— Анда жүрү, көрөлү – деп короого келип машинелерди көрдү да Камчыбек байке:

—  Мен тиги киши менен сүйлөшөйүн, анан жообун айтам деди. Кабинетине кирдик, Камчыбек байке губернаторго чалды:

— Сизге машине берели деп атабыз, кандай дейсиз?
Ал сурады: — Эмне машине?
— Байке, “Вольво” , – деди. Губернатор ошондо минтип жооп берди:

—  Азыр Акаев “Чайка” минип жүрөт, жакын арада эки “Вольво” келет, Акаевден мурда “Вольвого” отуруп алган туура эмес болот, ал минсин анан ошондо алып келгиле. Шаардын майрамын мындай эле өткөрүп туралы, – деди.
Эки айдан кийин Кыргызстанга эки кара “Вольво” келди. Бирөөнү Акаев алды, экинчисин Шеримкулов алды окшойт. Кумтөр алып келди го. “Вольвону” Камчыбек байке Караколго жеткирип берди. Мени барбай эле кой деп мен Балыкчыда калдым (кызгандыбы айтоор билбейм). Кийин Сооданбеков менен тааныштым. Ошентип баары унутта калды.
1994-жылы Жогорку Кеңешке шайлоо башталды. Мен шайлоого чыгып депутат болойун деп аттандым. Катталдым. Агитация башталды. Бир күнү мени Камчыбек байке чакырды. Барсам: —  Урмат, шайлого катышпа, башка адамды чыгарабыз деп губернатор чалды – деп айтты. Мен болсо: —  Катталып калдым, чыгам – деп болбой койдум.
— Анда өзүңдөн көр, азабыңды колуңа беребиз – деди. Чыгып кетип калдым. Шайлоо аябай кызыды. Радиодон, теледен болушунча жамандашты. Шайлоодо эл 70% мага добуш берди. Сооданбеков айкырып, шайлоо жараксыз деп чечим кабыл алып салды. Ошентип шайлоо жокко чыкты. Шайлодон кийиин текшерип ызы чуу башташты. Эч нерсе таппады. Куугунтук кылып түрмөгө салышты. Бир ай жаткандан кийин Казакстанга чыгып кеттим. Муну мурун жазгам. Ызаам ташып турду. Эмне болсо да кайта бутка туруп кайтып келишим керек деп өзүмө убада бердим. Жолдо келе жатып “Кыргызстанда көтөрбөсөңөр, Казакстандан көтөрүлөм” деп көгөрүп максат койдум. Чөнтөгүмдө баягы жайнаган акчадан дым жок. 2000-жылы Астанада иштеп жүргөндө, бир күнү иште отурсам, “бир эже келди, сизге кирем деп приемныйда турат” деп жардамчым айтып келди. “Эмне болгон эже? ” – деп сурасам “бул жердеги Кыргызстандын посолунун аялы экен” деди. Мен түшүндүм. Ал кезде Сооданбеков Астанада посол болчу.
Эже билбейт го, билсе келбейт эле деп ойлонуп койдум. Кирсин деп айттым. Эже кирди. Учурашып, келиниз эже деп столду жайнатып чай бердим.

-Эже келип калыптырсыз,- дедим.

— Урмат, атыңды угам, өзүңдү бүгүн көрдүм. Элдин баары эле Урмат дегенинен мен да барып жолугуп келейин, Урмат шаарды башкарып отурат дегенинен сага келдим, уятымды койуп эле, – деди.

— Ии эже, бирдеме билесиз го, – десем,

— Ооба, барын билем… Эми сен кечиримдүү бол, байкең адашып калыптыр, – деп жооп берди.

— Байкем өзү эмне келбеди? – десем,

—  Байкең уялып атат, сен барып келчи деп мени жиберди – деп жооп берди.

— Мен баарын унутуп калгам,  эжеке, бир тууганбыз, кечирейин баарын. Маселеңизди айтыныз, – дедим.

—  Урмат, картошкабыз бар эле, ошону сата албай ээсибиз ооду. Эшик да суук болуп калды. Ошого жардам бер, – деди.

-Ошол элеби, канча картошкаңар бар? – деп сурасам,

-Бир “Камаз” деди (мен чон нерсе сурайт го деп ойлогом). Шаардын ОРС директорун чакырдым. Келгенде сурадым:

—  Жаке, элге эмне тамак бересинер?

— Ар кандай – деди.

— Картошканы кайдан аласынар? –  десем,

—  Россиядан алып келишет, – деди.

— Ай, Жаке,  кыштын суугу бул болсо, сен элге Россиянын картошкасын бергенин туура эмес го – десем .

—  Шеп, кандай кылыш керек? – деп сурады.

— Жаке, эжең Кыргызстандан келген, экологически таза, майы да сахары да бар картошка өстүрөт, даамы да таттуу бүгүндөн баштап ушул картошкага өткүлө, антпесе эл кыштан чыкпай калат – дедим. Эже күлүп жиберди.
—  Акчасын азыр санап бер, картошкасын эртен алып келет – дедим. Жаке макул болуп, ошону менен эженин картошкасы кетти. Аны угуп алып көлдүктөр болгон картошкасын ташып башташты. Эже да картошканы бир эмес “Камаздап” ташыптыр. Жакени чыгарып эжеге кайрылдым:

—  Эжеке, мен баарын кечирдим, унуттум. Бирөөнүн элинде ынтымактуу бололу, байкенин маселеси болсо уялбай келе берсинчи –  деп эжени узатып жибердим. Эртеси Сооданбеков келди. Сыртка чыгып тозуп, келиниз байке деп экөөбүз сүйлөштүк. Уялып атканынан мурунку иштер боюнча сөз кылбадым. Билмексенге салдым.  Анан байкеден эмне маселе менен келгенин сурадым. Жумагул Сооданбеков:

— Урмат, бир китеп жазат элем. Тиги киши жөнүндө мүмкүнчүлүк болсо материал алат элем. Анан каражат керек болуп атат – деди. Ошол элеби десем, “ооба”  деп жооп берди.

— Жолугушууну уюштуруп  берейин, акчасын мен төлөп берем, китепти катыра жазыныз уят кылбай! Дагы эмне маселе бар, посольстводо маселе барбы? –  десем,

— Жок – деп жооп берди. Коштошуп байкени билмексенге салып узаттым. Жолугушууну уюштуруп бердим. Китеп жазылды. Менин ордумда башка бирөө болгондо ушунча кордук көргөзгөн адамга чайын эмес бир километр алыста басып өтмөк. Мен кечиримдүү болоюн, айкөлдүккө салайын деп акылга салдым. Бир күнү Жаке кирди:

— Шеф, уруксаатбы, картошка көп алып алдык, эмне кылабыз? – деп сурады.

— Канча картошка бар? – десем,

— Аябай көп, сиз кыргыздар картошка, алма алып келсе ала бер дединиз, мен ала бердим – деп жооп берди.
— Анда ишканаларга сатып жибер, мен эмне аны кайта Кыргызстанга алып кетмек белем? – деп опузалап койдум.
— Шеф түшүндүм – деп Жаке чыгып кетти.
Айтаарым, мына жашоодо ушундай да окуялар болот. Кечиримдүү бололу. Убактылуу кызмат менен пайдаланып орой мамиледен этият болсок дурус болот эле. “Ат бир баскан жерин миң басат” деп айтат экен байыркы кыргыз.
Анын сыңарындай кичинекей элбиз, сыйлаша жүрсөк туура болмок деген кеп. Ишибиз да алдыга жылмак, антпесек ушул бойдон тура беребиз жылыш болбойт. Колдон келбеген ишке асылабыз, анан бүт элге шылдың болуп сөз болуп жатабыз. Ушуну койсок жакшы болот эле…”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: