Сапар Исаков вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевге эскертүү берип, Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерин чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча республикалык штабдын төрагасынын милдеттерин вице-премьер-министр Темир Жумакадыровго жүктөөнү тапшырды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты маалымдады.
Премьер-министрдин мындай чечими Дүйшөнбек Зилалиевдин талапкерлердин бирине өзүнүн жеке артык көрүүсүн жарыялоосуна баланыштуу болду.
Премьер-министр Сапар Исаков ошондой эле Штабдын мүчөлөрүнө шайлоо тизмелеринин сапаттуу даярдалышына, шайлоо тилекелеринде коомдук тартипти сактоону камсыз кылууга жана жарандардын эркин шайлоосуна шарт түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну милдеттендирди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ