Menu

“Сомон Эйрдин” жетекчилиги кызматтан кетти

Бөлүшүү:

Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы үзгүлтүккө учураганына байланыштуу Тажикстандын “Сомон эйр” компаниясынын коммерциялык директору Алишер Рустамов кызматынан бошотулду.

“Сомон эйрдин” 21-февралдагы маалымдоосуна караганда, Рустамов жана анын кызматкерлери Ташкент аба майданын тийиштүү документтер менен камсыздаган эмес. 1992-жылдан бери токтоп турган Дүйшөмбү-Ташкент аба каттамы боюнча биринчи учак 20-февралда учушу керек эле. Бирок ал акыркы сааттарда токтотулган. “Сомон эйрдин” маалыматы боюнча, каттам жакынкы аралыкта калыбына келтирилет.

Эки өлкө ортосундагы аба каттам 1992-жылы Тажикстанда жарандык согуш башталганда токтотулган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 27 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: