Өзүңүздөргө маалым, Токтогул өрөөнүнүн дагы бир таланттуу жигити Айбек Карымов “Сен менен таштак жолдо баратсам да, сезилет көл үстүндө бараткандай” деген сыяктуу сүйүүнү даңазалаган уккулуктуу ырлары аркылуу катуу эле дүңгүрөгөн. Жалындуу жаштык курагы артта калды, эми баштагыдай ыр чыгара албай калды деп жүрсөк, жок, кайра ого бетер оргуштаган обондорду жаратып, ал тургай, жаш балага айланып, кичинекей балдар менен ойноп жүрүптүр деп уктук. Кантип дебейсиздерби? Балдарга табышмактарды, жомокторду айтып берип… Баарына жалгыз айтып берип чыкканга үлгүрбөй калам го деген таризде бөбөктөр үчүн китептерди чыгаруу менен алек экен. Жакында сунуш кылган китепчеси “Кичинекей боёкчу” деп аталат. Балдар үчүн сүрөттөрү боёлуучу китептин биринчи жолу кыргызча чыгышы. Албетте, бул жакшы саамалык!
Эгер “Кичинекей бёокчуну” сатып алып балдарыңарды кубанткыңар келсе, Бишкектеги гезит базарына же күркөлөргө кайрылсаңыздар болот.
Булак: “Майданkg”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ