Menu

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек аралар такталууда

Бөлүшүү:

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чек араларды тактап, аныктоо боюнча өкмөттүк делегациясынын жумушчу тобунун кезектеги жолугушуусу өтүүдө.

Кыргыз өкмөтү тараткан расмий маалыматка таянсак, жолугушуу 5-августта Өзбекстандын Наманган шаарында башталып, 13-авгусгка чейин уланат. Күн тартибинде карала турган маселе боюнча тараптар маалымат таратышкан жок.

Өткөн жылдын күз айынан бери Кыргызстан менен Өзбекстан бийлиги чек ара тактоо маселесинде сүйлөшүүлөрдү жандандырган. Андан бери бир нече ирет жолугушуулар өткөн. Азырынча сүйлөшүүлөр, чек араны тактоо маселеси жумушчу топтун деңгээлинде өтүп жатат.

Тактала элек тилкелер боюнча алды менен жумушчу топ иштеп чыгып, андан кийин гана эки өлкөнүн өкмөттүк комиссиясы карайт. 2016-жылдын август айынан бери он беш жолу ушундай деңгээлдеги жолугушуулар болгон. Буга чейин чек ара тактоодо эки ортодо пикир келишпестиктер орун алып келген. Бул болсо чек ара тилкелериндеги айрым учурда чыңалууга жеткен кырдаалды жаратып келген.

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 6 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: