Бүгүн, 8-апрелде алыскы АКШда бозгунда жүргөн журналист Адилет Айтикеев Иллинойс штатындагы таажывирус оорусунун күчөшү тууралу айтып келип, дегеле дүйнө жүзүндөгү бул пандемия тууралу жана ага болгон көз караштар кагылышына токтолду.
“Бир сырымды айтып коюшум керек, менин Швециядагы бир тууган иним Мирбек Айтикеев да бул коронавирус илдетине чалдыгып, 20 күндөй кыйналып ооруп жатып, эми сакайып чыкты. Аябай кыйналды. Мирбектин айтымында ал Швецияда коронавирус күчөй электе Стокгольмга барып жуктуруп алган. Ал жактан келгенден 12 күндөн кийин биринчи симптомдору пайда болгон”, – дейт Адилет Айтикеев.
Булак: KyrgyzToday.kg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ