Menu

AI: Кыргызстан Аскаровду бошотуу боюнча БУУнун чакырыгын уккан жок

Бөлүшүү:

Кыргыз бийлиги өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровду бошотуу боюнча БУУнун комитетинин сунушун уккан жок. Бул тууралуу Amnesty International укук коргоо уюмунун дүйнөдөгү адам укуктарынын бузулушун иликтеген баяндамасында айтылат.

Документте БУУ комитети 2010-жылдагы улут аралык жаңжалды козутуу жана милиция кызматкерин өлтүрүү боюнча күнөөлөнүп, өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровду бошотууну өтүнгөнү айтылат. Комитет абакта укук коргоочуга кыйноолор колдонулганын жана соттук териширүү адилеттүү жүрбөгөнүн белгилеген.

«Жогорку Сот бул ишти 2016-жылдын 11-12-июлунда карап, комитеттин бүтүмдөрүнө карабай, Азимжан Аскаровду бошотуудан баш тарткан. Чүй облустук сотунда ишти кайра кароо 4-октябрда башталып, 20-декабрга чейин уланган. Азимжан Аскаров темир тор артында 10 соттук угуунун бардыгына катышкан”,- деп жазылган баяндамада.

2010-жылдагы июнь окуясы үчүн өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Аскаровдун иши БУУнун сунушу менен кайра каралып, бирок 24-январда Чүй облустук соту ошол эле өкүмдү күчүндө калтырган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: