Menu

Беш жыл мурун кол салууга дуушар болгон өзбек имамдын ден соолугу жакшырууда

Бөлүшүү:

Беш жыл мурун Швецияда башынан жаракат алган белгилүү өзбек имамы Обидхон-кори Назаров сакайып, сүйлөй баштады. Бул тууралуу анын уулу Давуд Назаров билдирди.

Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримовду катуу сындап келген белгилүү диний ишмер Обид-кори Назаров 2006-жылы Швецияда саясий башпаанек алган. 2012-жылдын 22-февралында Стромсунд шаарындагы үйүнүн алдында атылган октон башынан жаракат алган.

Кол салуудан беш жыл өткөнүнө карабастан Обид-кори Назаров дагы деле дарыгерлердин атайын медициналык кароосунда. Анын коопсуздугун швед бийлиги камсыздоодо.

Өткөн жылы мартта өзбек имамына кол салган Өзбекстандын жараны Юрий Жуковский Орусиядан Швецияга өткөрүлүп берилген. Ал сот тарабынан адам өлтүрүү аракетине күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган. Обид-кори Назаровдун үй-бүлөсү кол салууга Өзбекстандын өкмөтүн айыптап келет. Имамдын туугандары Жуковскийге карата чыккан өкүмгө макул болгону менен, дагы деле Өзбекстандын саясий режиминин өкүлдөрү үчүн жаза талап кылышууда.

Обид-кори Назаров 90-жылдардын соңунда Ташкенттеги көз карандысыз имам катары белгилүү болгон. Өз насааттарында ал диний гана эмес, социалдык, экономикалык көйгөйлөр, ошондой эле өлкөдөгү адам укуктарынын бузулуп жаткандыгы тууралуу айткан. Обид-кори Назаров башка имамдардан айырмаланып Өзбекстандын бийлигин сындап жатканда өзүнүн көз карандысыз макамын сактап калууга аракет кылчу.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 8 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: