Menu

Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова: Кыргызстанда 2014-2018-жылдарга балдардын укугун коргоо боюнча Мамлекеттик программанын алкагында балдардын жана өспүрүмдөрдүн ишин күчөтүү зарыл

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын вице-паремьер-министри Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешинин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Вице-премьер-министр Өкмөт тарабынан Кыргызстанда 2014-2018-жылдарга балдардын укугун коргоо боюнча Мамлекеттик программанын алкагында балдардын жана өспүрүмдөрдүн ишин күчөтүү программасы  ишке ашырылып жатканын эскертти. Аталган программанын максаты-балдардын укуугу үчүн (мыйзам менен конфликт болуп жүргөн балдар, окуяларга күбө болгон балдар, зордуктоо жана кылмыштын курмандыгы болгон балдар) алардын укуктарын коргогон эффективдүү жана акыйкат системаны түзүү болуп саналат. Программа жашы жете электердин арасында кылмыштуулукту азайтууга, кайталап кылмышка баргандардын санын кыскартууга, ар бир баланын талабына убагында көңүл буруп, ар бирине өзүнчө жыйынтык чыгарууга багытталган.

Буга байланыштуу Чолпон Султанбекова  жашоо шарты таатал болгон жашы жете элек балдардын укугун коргоого өзгөчө көңүл буруунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ошондой эле бул багытта органдар менен  эффективдүү иш алып баруу керектигин да кошумчалады.

«Биз ата-энелери жок болуп калган учурда таатаал кырдаалга туш болгон балдарга мыйзамдын чегинде туруктуу позицияны кармап жардам беришибиз керек. Аны менен катар, мамлекеттик органдар мыйзамдын негизинде конфликтке туш болгон өспүрүмдөр менен иштешүүгө тийиш», – деди вице-премьер-министр.

Жыйында аталган Мамлекеттик программанын 2014-2016-жылдарга ортолук жыйынтыктары жана 2017-жылга пландары менен тапшырмалары тууралуу маалыматтар айтылды.

Көрсөтүлгөн отчеттук аралыкта органдар тарабынан ювеналдык юстиция боюнча профилактикалык өткөрүлгөн иш чаралар айрым оң жыйынтыктарын берген. 2016-жылы 2015-жылга салыштырмалуу өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун саны 24,1 %  1071 ден  812 фактыга чейин азайган. Чоң адамдардын жашы жете электерге карата кылмыштуулугу 16,6 %  1010 дон 842 фактыга чейин ылдыйлаган. Сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын саны 39,5 %  182ден 110 фактыга чейин азайган. Билим берүү уюмдарында талап-тоноо фактылары 41,6 %  149дан 87ге түшкөн.

Ошону менен бирге жашы жете электердин иштери боюнча, атап айтканда Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун адистештирилген системасын кароо жөнүндө иштер жашы жете электердин соттордун төрагалары, адвокатура тарабынан КР түзүлгөн тизмелерин иштеп жаткан адвокаттарды жашы жетпегендердин иштери боюнча адистештирилген система түзүлгөн

Аны менен катар, балдар жана алардын турмуштун оор сыноосуна туш болгон үй-бүлөлөрү менен иштөө  боюнча профилактикалык чаралар күчөтүлгөн.

Жыйындын  вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова министрликтер менен ведомстволорго балдардын укуктарын жана алардын кызыкчылыктарын коргоону күчөтүүнү, ювеналдык юстиция боюнча иштеген органдарга КР Акыйкатчысынын балдарга болгон зомбулуктар жана кордукка туш болгон балдар туурадуу көрсөтмөлөрүн пайдаланууну тапшырды. Мындан сырткары Өкмөттүн облустардагы  ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө мэрлер, жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен балдар укугун жана кызыкчылыгын коргоодо биргеликте иш алып барууну тапшырды.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: