Menu

Назарбаев казак илимпоздорунун ишине канааттанбай турганын билдирди

Бөлүшүү:

Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев казак окумуштууларынын илимий эмгектерине суроо-талап аз экенин жана  көчүрмө иштер бар экенин билдирди. Бул тууралуу ал Казакстан Илимдер академиясынын 70 жылдык мааракесине арналган жыйын учурунда билдирди.

Назарбаев Билим берүү жана илим министрлигине, Илимдер академиясына жана жогорку окуу жайларга илимий эмгектерди эл аралык рейтинг базасына киргизүүнү тапшырды.

Анын айтымында, илимий эмгектердин жарымынан кем эмеси англис тилинде жарыяланышы керек жана дүйнөлүк маалымат базасына тиркелиши шарт.

Жыйынга Орусия, Беларус, Грузия, Украина, Молдова, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан өлкөлөрүнүн илимий академияларынын жетекчилери катышты.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: