Орусия президенти Владимир Путин тыюу салынган сайттарды жабуудан баш тарткандарга айыппул салуу тартибин киргизди. Мыйзамга Путин 22-феваралда кол койду, ал 30 күндөн кийин күчүнө кирет. Эми талапты аткарбаган провайдерлер 100 миң рублга чейин айыппулга жыгылышы мүмкүн.
Соңку мезгилде орус бийлиги киберкоопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда. Коргоо министри Сергей Шойгу Орусияда контрпропаганда жана хакердик чабуулдан коргоо менен алектенген маалыматтык аскер бөлүгү бар экенин билдирди.
Укук коргоочулар Орусиядагы Интернетти эркин эмес деп эсептешет. Маселен, “Агора” уюму былтыр Рунетте эркиндикти чектеген 100дөй учурду каттаган.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ