Menu

“Сиеменс” ким? “ТВЕА” ким?

Бөлүшүү:

Кытайдын “ТВЕА” компаниясы Бишкек ЖЭБин модернизациялады. Модернизациялоого 386 млн. доллар насыя жумшалып, 300МВт кубаттуулук кошулду деп кабарланган. Кытай насыясын 480 млн. доллар кылып төлөп берүүгө милдеттүүбүз. Демек, иш жүзүндө Бишкек ЖЭБине 300 МВт кубаттуулукту кошуу 480 млн. долларга турду.

Германиянын атактуу “Сиеменс” компаниясы Татарстанда электрстанция куруу боюнча контрактыга 2-октябрда кол коюптур. 250МВт кубаттуулуктагы электрстанциясын курууга немис компаниясы 290 млн.евро жумшайт экен.

Технология жагынан анык дүйнөлүк лидер болгон “Сиеменс” бул электрстанция үчүн генератору менен SGT5-2000E газ турбинасын жана генератору менен SST-600 буу турбинасын жасап чыгарат. Курулуш 2023-жылы аяктап, объект пайдаланууга берилет.

Бул жерде эми насыя да жок, жаңжал да жок, коррупция да болбойт. Немис компаниясы өзү курат. Пайдаланууга берет. Акчасын алып кете берет.

Ушундай масала… Салыштырып көрө бериңиз.

Булак: «Жаңы Ордо»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 52 = 55

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: