Улуттун уугун кармап, керегесин түптөп, түндүгүн көтөрүп турган – бул улуу маданиятыбыз. Ал эми бүгүн ошол маданият очогу – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармония. Ал жерден не деген таланттар өсүп, такшалган дагы, не деген талант дайралары ташкындап кыргыз жүрөгүнө кыян болуп агылган. Улуу тарыхы бар. Бирок ушу күндө томук жутуп алгансып какап-чакап, томсоруп турат. Ооба, ага башкы себепкер Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын директору Кыргызбай Осмонов экен. Бул сыпайы мурут, сылаңкороз мырза адамга да сырты-башына, чөнтөк кабына карай мамиле кылгандыгы кызуу талкууга түшүүдө. Арийне Кыргызбай мырза кызматка келгени абдан өзгөрдү. Акчалуу, абройлуу, тааныш-билиши барлар үчүн өзүнчө тариф, жеңилдиктер. Ал эми акчасыз, бирок ошол эле маалда таланттуулар үчүн өзүнчө тариф, анан чексиз тоскоолдуктар. «Көрбөгөндүн көргөнү курусун» деген ушу да. Ырасында, Кыргызбай мырза тойлордо эле тойпоңдоп тамада болуп эле жүрө бергени оң болчу.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ