Өзбекстан менен Тажикстан борборлорунун ортосундагы ырааттуу аба каттамдары быйыл апрелде калыбына келтирилет. 26-марттан тарта «Өзбекстан аба жолдору» учууларды аткаруунун жайкы убактысына өтөт. Жазгы-жайкы мезгилде учурдагы багыттар боюнча каттамдардын жыштыгы көбөйүп, башка багыттар да кошулат.
«Андан сырткары Лахор (Пакистан) жана Дүйшөмбү (Тажикстан) шаарларынын ортосундагы жаңы багыттардын ачылышы жакшы жаңылык болот. Каттамдар ушул жылдын апрелинен тарта жумасына эки жолудан А-320 учактары менен аткарыла баштайт», – деп билдиришти өзбек компаниясынын басма сөз кызматынан.
Дүйшөмбү-Ташкент каттамына авиабилеттер сатыла баштагандыгы тууралуу «Сомон Эйр» 1-февралда билдирген. Компаниянын пресс-релизинде кыш аяктаганга чейин «Сомон Эйр» Ташкентке жумасына бир жолудан, жайында эки жолудан учууга ниеттенип жатканы айтылган.
Эки өлкөнүн борбор шаарларын бириктирген аба каттамдарын февралда калыбына келтирүү тууралуу макулдашууга өткөн жылдын соңунда, Дүйшөмбүдө өткөн Тажикстан менен Өзбекстандын соода-экономикалык кызматташтыгы боюнча өкмөттөр аралык комиссиялардын жыйынында кол коюлган.
Макулдашууга карабастан февралда «Сомон Эйр» авиакомпаниясынын Дүйшөмбү-Ташкент багыты боюнча каттамы эки жолу ишке ашкан жок. Кийин белгилүү болгондой, ага тажик тараптын өзбек авиакомпаниясына өз учурунда документтер топтомун жөнөтпөгөндүгү себеп болгон.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ