Menu

Сирияда «Аль-Каида» лидеринин орун басары өлтүрүлгөндүгү кабарланууда

Бөлүшүү:

АКШнын аба соккуларынан Сириянын түндүк-батышында «Аль-Каида» террордук уюмунун лидеринин орун басары Ахмед Хасан Абу аль-Хайр аль-Масри өлтүрүлдү. Бул тууралуу SITE сайты билдирүүдө.

Дүйшөмбүдө Пентагон Сириянын аталган аймагына аба соккуларын жасаганын ырастады.

The Guardian басылмасынын маалыматы боюнча аль-Масри 26-февраль, жекшемби күнү өлтүрүлгөн. Бул маалыматты идеологиясы жагынан «Аль-Каидага» жакындыгы бар жана буга чейин аль-Масри курамында иштеп жүргөн “Жебхат Фатх аш-Шам» тобу, ошондой эле башка жихад топторунун айрым лидерлери да ырасташты.

Январда Пентагон аба соккулардан “Аль-Каиданын” эки лидери – Мохаммад Хабиб Буссадун аль-Туниси менен Абд аль-Жалиль Аль-Муслими өлтүрүлгөнүн кабарлаган.

Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − = 47

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: