“Пирамида” телеканалынын жетекчилиги алмашты. Ильичбек Кулназаров жаңы директор болуп дайындалды.
Кулнаразаров журналисттерге билдиргендей, каналга белгисиз адамдар келишкен. Андан кийин жетекчилик кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган. Телеканалды ал убактылуу башкарган. Ал команда өз ордунда калганын жана телеканал өз графиги менен иштей берерин айтты.
Ильичбек Кулназаров – журналист. Буга чейин ал “Бир Бол” партиясынын басма сөз катчысы болгон, андан кийин кетип, “Замандаш” партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка талапкер болгон.
Буга чейин КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу кызматтан кеткени маалымдалган.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ