Ички иштер министри Улан Исраилов милицияны реформа кылат деген президент Алмазбек Атамбаев баш болгон коомчулукта чоң үмүг бар эле. Бирок негедир үмүт акталбай турат.
ИИМ ичинде регионалдык саясат өкүм сүрүп, министрдин үч орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Курсан Асанов, Данияр Абдыкаров Ош облусунан болуп, кадр маселесинде ички курамга таасирин тийгизип жатканы айтылууда. Эмнеге үч орун басар тең Оштон? Эмнеге Нарындан же Таластан, болбосо Жалал-Абад же Баткенден эмес деген нааразычылык, күбүр-шыбыр күч алды. Улан мырза чын эле эмнеге мындай? Үч орун басар эмне себептен Оштон болуп жатат? Жообун айта аласызбы?
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ