Конституциялык кеңешме толугу менен мыйзамсыз жана легитимсиз. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрда саясат таануучу Сания Токтогазиева Facebook социалдык тармагындагы баракчасына жазып чыкты.
“Азыркы конституциялык кеңешме бул имитация, көз бойомочулук! Алдын ала коюлган максат менен жана аты заты, ээси жок ташталма даяр конституциянын тексти менен эч качан конституциялык кеңешмелер иштебейт. Бул кеңешме толугу менен мыйзамсыз жана легитимсиз” – деп жазган Сания Токтогазиева.
Белгилей кетсек, Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга 17-ноябрда коюлган.Жаңы долбоорга ылайык, президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейип, ал аткаруу бийлигин толук көзөмөлгө алынат. Мамлекеттик башкарууга “Элдик курултай” деген жаңы институт киргизилет. Жарыялангандан кийин коомчулукта нааразычылыктар пайда болду. 20-ноябрда Конституциянын долбоорун ар тараптуу талкуулап, бирдиктүү пикирге келүү үчүн Конституциялык кеңешме түзүлүп, ага 89 адам мүчө болуп кирген. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тийиштүү Жарлыкка кол койгон.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ