Menu

Талаш жердин тагдыры чечилеби?

Бөлүшүү:

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Тайырбек Сарпашевге козголгон кылмыш иш негизсиз экени анын жактоочулары таап чыккан документтердин негизинде ачыктала баштады. Маалым болгондой, өткөн аптанын соңунда буга чейин маалымат берип келген саясий серепчи Бакыт Бакетаев, юрист Кайрат Осмоналиев Бишкек шаары, Скрябин көчөсү 45-45-а дарегинде жайгашкан жерге ээлик кылган ОсОО “Глобал Эдвертайзенг” компаниясынын өкүлү жана жактоочусу “АКИпресс” агенттигине маалымат жыйынын улантып, дагы бир жасалма документтин чыкканын айтып чыгышты. Ал документте көргөзүлгөн негиздерге көз чаптырсак, чынында эле документ сот тарабынан оңдолуп-түзөлгөнүн байкоого болот. Мындан улам, чын эле жогоруда айтканда Мамлекеттик каттоо кызматын жетектеген Тайырбек Сарпашевдин үстүнөн козголгон кылмыш иш жасалмабы, ал кайсы бир саясий топтордун курмандыгы болуп садага чабылып жатабы деген күмөн ой жаралбай койбойт экен. Маалымат жыйынын уюштуруп коомго, журналисттерге маалымат бергендер чындык үчүн чыркырап күрөшө бере тургандыктарын жашырышкан жок. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы жетекчисине козголгон кылмыш иштин негиздүү же негизсиз экендигин учурда өкмөттө жана парламентте түзүлгөн комиссия иликтеп жатат. Жакын арада алардын чечими коомчулукка жарыяланат. Эске салсак, Жогорку Кеңештеги “Республика – Ата-Журт” фракциясы буга чейин КРнын Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси болуп иштеп келген Тайырбек Сарпашев Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсү 45-45-а дарегинде жайгашкан, убагында Максим Бакиевге таандык болгон деген жерге туура эмес чечим чыгарган деген негизде Мамкаттоонун жетекчисин иштен алуу үчүн Өкмөткө жана ага укуктук баа берүү керектиги тууралуу Башкы прокуратурага кайрылган эле. Башкы прокурату­ра аталган фракциянын чечимин эске алып, Т.Сарпашевге кылмыш ишин козгогон. Бирок Тайырбек Сарпашев козголгон кылмыш не­гизсиз экенин билдирип, жогоруда айткандай ишти иликтеп, баа берүү үчүн парламентте жана өкмөттө курамы бир нече адамдан турган атайын комиссия түзүлгөн. Иш иликтенип бүткөнгө чейин Т.Сарпашев өз эрки менен убактылуу кызматынан бошогон. Ал эми, чуулгандуу жер боюнча кыскача айта турган болсок, прокуратура органдары тарабынан 2010-2012-жылдары “ЭлитДомСтрой” ишканасынын мүлкүнө, анын ичинде Бишкек шаары, Скрябин көчөсү 45-45-а дарегинде жайгашкан кыймылсыз мүлккө арест коюлган. Ал жер буга чейин сөз кылгандай Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болуп келген. Ал убагында коркутуп-үркүтүү жолу менен жерди “ОсОО Глобал Эдвертайзенг” деген компаниядан тартып алган. Жеринен ажыраган компания сотторго кайрылганы менен соттон эч жыйынтык чыккан эмес. Кудай жалгап 2010-жылы революция болуп кетип, жер ээсиз калганда “ОсОО Глобал Эдвертайзенг” компаниясы сотто кайрылуусун кайрадан улантып, бирок соттор жерди ээсине жөн чечип бербей далайга сүйрөшкөн. Акыры туу­ра чечим чыгарып, 2016-жылы Бишкектеги Биринчи май райондук соту М.Бакиев, А.Елисеев, Е.Гуревич, М.Надель, С.Ким, У.Мелисбек жана У.Пактын иши боюнча чечим чыгарып, сот айыпталуучуларды эркинен ажыратуу менен бирге, мүлкүнөн ажыраткан. Соттун бул чечимин 2017-жылы 11-январда Бишкек шаардык соту да күчүндө калтырган.

Бирок 2014-жылы Бишкек шаарындагы райондор аралык сотунун судьясы прокуратура органдарына маалымат бербей туруп, этал­он экономикалык ишти караган. Ал “Глобал Эдвертайзенг” ишканасынын “ЭлитДомСтрой” ишканасына болгон доосун карап, жогорудагы объектти сатып алуу боюнча келишимди жокко чыгарган. Ошол экономикалык ишти кароонун алкагында прокуратура койгон арест да алынгандыгы айтылат.

Кайрат Осмоналиев, юридика илимдеринин доктору:

-Мамлекеттик каттоо кызматынын жетек­чиси болгон Тайыр Сарпашевдин негизсиз күнөөлөнүшү боюнча жасалма документтердин далилденип жатканын буга чейин айткан элек. Айтканыбыздай эле, Жогорку сот бир документти туура эмес чыгарып, анан көп өтпөй эле анысын “бул документ эч кандай ката эмес, техникалык себептерден улам ка­та болуп чыгып калды” деп чыгышты. Юрист катары мен ал документти кызыгып карап чыктым. Туура эмес, дал келбеген жерлери болуптур. Анын баарын өчүрүп оңдошкон экен. Андан тышкары соттун 2-ноябрда чыга­рып Мамлекеттик каттоо кызматына жөнөткөн чечими бүгүнкү күнү жок болуп жатат. Сурасак соттор анда ал чечим туура эмес, тех­никалык жактан ката болуп чыгып калыптыр дешүүдө. Ушундай кантип болсун, ушундан эле соттун Тайырбек Сарпашевге чыгарган чечимдери негизсиз, жалган жалаа экенин байкасак болот да. Соттордун мындай туура эмес, жасалма чечимдерди чыгарганы үчүн Кылмыш жаза кодексинин 350- беренесинин негизинде жазалоо керек. Азыр бул документтерди Өкмөттө жана парламентте түзүлгөн комиссия иликтеп карап жатат. Алардын кандай чечим чыгараары азырынча белгисиз. Бирок кандай болгон күндө дагы, мындай жа­салма документтерди ойлоп тапканы үчүн тиешелүү судьяларга Башкы прокуратура иш козгош керек. Ал тургай Жогорку соттун төрайымы Айнаш Токбаева кызматын тапшыруусу зарыл. Азыр биз сотторго ишенбей турабыз. Анткени буга чейинки документтеринин баары далилсиз, жасалма болуп жатат. Анын баарын кайра оңдоп жатышат. Эгер күчкө салып оңдоп койсо кандай болот деп кооптонуп турабыз.

Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу:

-Кайрат Осмоналиев, дагы башка билимдүү юристтер документтердин баарын кылдат карап жатышат. Көп документтер туура эмес экени айгинеленип жатат. Жасалма до­кументтер чыгууда. Мунун баарын жөн кал­тырган болбойт. Башкы прокуратура буларга өз баасын бериши керек. Туура, учурда сотторду реформалоо иш аракети жүрүп жатат, бирок кандай деңгээлде жүрүп жатат ага көз салган эч ким жок. Ак үйдө соттук реформа­га көз салган комиссия бар эле. Ал комиссиянын эмне иш алып барып жатканы белгисиз. Ошондуктан биз сотторго ишенбейбиз. Бул жерде акыркы жасалган документ жалпак тил менен айтканда атасы менен баласын алмаштырып койгондой эле болуп жатат. Мисалы, мени атамдын атасы кылып, атамды мага ба­ла кылып койгондой эле.

Асел Жолдошева, жактоочу:

-2016-жылдын октябрь айынан бери ОсОО “Глобал Эдвертайзенг” компаниясынын жактоочусу болуп, аталган компаниянын ишин жактап келем. Мен 2016-жылдын 10-октябрында биринчи соттук жыйынга катышканда, соттук отурум 2-ноябрга жылдырылсын деген чечим чыккан. 31-октябрда чечим чыккан деп жатышат. 31-октябрда эч кандай соттук оту­рум болгон эмес. Соттук отурум 2-ноябрда болгон. Азыр бул иштин баарын түзүлгөн ко­миссия иликтеп жатат. Алар өз бааларын бир айга жакын убакыттан кийин беришет. Биз чындык үчүн аягына чейин күрөшөбүз. Далили жок, жасалма документтерге кайдыгер мамиле кылган болбойт. Бардык иш кылдат иликтениши зарыл. Мыйзамды бузган, жасал­ма документ жасаган соттор мыйзам чегинде жооп берүүсү керек.

 

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 6

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: