“Орусиянын Кыргызстандагы куралдуу күчтөрү кыргыз мамлекетинин коопсуздугун коргоо максатын гана көздөйт, эгер анын зарылчылыгы болбосо ошол замат чыгып кетүүгө даярбыз” деп билдирди Бишкекте өткөн пресс-конференцияда орус президенти Владимир Путин.
Кыргызстандагы Орусиянын базасы тууралуу суроого жооп берип жатып Путин:
– Билбегендерге эскертип коеюн, Кант шаарындагы биздин базабыз 1999-2000-жылдары Кыргызстандын жетекчилигинин өтүнүчү боюнча ачылган болчу. Анда Кыргызстан Ооганстандан келген эл аралык террорчулардын чабуулуна кабылган. Эгер Кыргызстан “биз өзүбүздүн күчүбүздү бекемдеп алдык” десе ошол күнү чыгып кетебиз, -деди.
Владимир Путин Борбор Азия өлкөлөрөрүнө сапарынын алкагында Бишкекте болду.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ