Menu

Сурамжылоо: “Текебаевдин камалышы – үчүнчү революцияга алып келеби?

Бөлүшүү:

Өмүрбек Текебаевдин камалышы Кыргызстандагы саясий кырдаалга терс таасир этип, олку-солку жаратышы мүмкүнбү?

Ырысбек Өмүрзаков, журналист:

“Атамбаев өзү Текебаевден ашса ашкан, бирок кем калбаган коррупционер…”

– Өмүрбек Текебаевди кылмыш иштин кээ бир жагдайларын тактоо максатында кармап жатышат. Ал мыйзам негизиндеги иш-чара. Кеп, 48 сааттан кийин Текебаевди 2 айга камайбы же үй камагына коё береби деген маселеде. Айтайын дегеним, ал түзмө түз кайсы берене боюнча айыпталганына жараша чыкчуу өкүмдө. Кылмыш кодексинин 94-беренеси боюнча айыпталса, ага 303-304 берене боюнча кылмыштарды жабыштырса, сот санкция берүүгө муктаж болот. Эгер сот санкция бербесе, анда сот Атамбаевдин бечера болуп, “башкы мародёр” деп айтабызбы, “канкор” дейбизби Убактылуу өкмөттүн алдында шерменде болгонун тастыктайт да, ошондо кырдаал өзгөрөт. Атамбаев такыр эле алы жок жан экен. “Президент болуп туруп, депутатка чөгөлөдү”,- деген кептер чыгышы мүмкүн….

Текебаевдин камакка алынышын ойлонуп көрсөм – балким Путинге күчүн көрсөтүүнү максат кылгандыр? Анткени, Путин Россияда коррупционерлерди талкалап жатса, “Манастан Чубак кем бекен”, деп Атамбаев Кыргызстанда коррупционерлерди “былчылдатып жатам”, деп кожоюнуна көрүнгүсү келип жаткандай. Бирок, антейин десе, Атамбаев өзү Текебаевден ашса ашкан, бирок кем калбаган коррупционер…

Замира Сыдыкова, экс-элчи, журналист:

“2010-жылы элди алдашкан”

-“Ата Мекендин” жактоочуларынын митингинде Отунбаеваны “эл баатыры” наамына көрсөтүштү. Ал эми алардын штабын башкарат экен. Бирок, мен алар “эл күткөндөй иш алып барат” деп ишенбейм. Анткени, алар бир сапар 2010-жылы элди алдашкан. Колдорунан эчтеке келбегенинен мамлекет ушундай абалга кептелди. “Ата Мекен” башка саясый күчтөр менен иштешсе, ишеним көбүрөөк болмок.

 Олжобай Шакир, журналист:

“Текебаев эл аралык мааниге ээ адам”

– Толук мүмкүн, се­беби Текебаев көптүн бири эмес. Ал кишки өлкөнүн ички саясатында гана эмес, эл аралык маанидеги саясый салмакка ээ адам. Аны ка­макка алуу азыркы бийликтин саясый чечими экени ачык көрүнүп тургандыктан, бул кадам чоң олку-солкулуктарга алып келиши ыктымал.

Айбек Бусурманкулов, активист:

“Бул бийликтин акмакчылыгын токтотуу керек”

– Текебаевдин камалганы бийликтин башын оорутчу чоң саясий кырдаалды жаратат. Башкача айтканда мамлекетке олку-солку жагдайды жараткан абалды Текебаев эмес, бийлик өзүнүн адилетсиз иш аракеттер менен жаратууда. Бүгүн туура чечим кабыл албаса, аягы бийликке жакшылык алып келбейт. Ошон үчүн ар бир адам адилеттүүлүк үчүн күрөштү башташ керек. Эгер бул бийликтин акмакчылыгын токтотпосок, эркиндик жана адилеттүүлүк деген ыйык түшүнүктөргө чоң коркунуч туулат.

Замир Көчөрбаев, “Кырк чоро” кыймылынын мүчөсү:

“Өлкөбүздө саясий олку-солкулуктар күчөйт”

Өмүрбек Текеба­евдин камалышы Кыргызстандагы саясий кырдаалга сөзсүз таасирин тийгизет. Бийлик колунда бар маалымат булактары аркылуу Текебаевдин былыктарын байма-бай жарыялай берсе, эл ал маалыматтарга ишенип

көчөгө чыкпашы мүмкүн. Бирок, Текебаев оңой-олтоң киши эмес. Анын артында Батыш турушу мүмкүн. Себеби, Батыштын Конститутциясына өзгөртүүлөрүнө каршы турган Текебаевди өзгөчө океандын ары жагынан каржыланган НПОлор, ММКлар жана батыштан билим алган жаштар, саясатчылар колдоп келет. Ошондуктан, саясый абал курчуп, кайрадан сырткы күчтөрдүн кийгилишүүсүнүн негизинде өлкөбүздө саясый олку-солкулар күчөшү мүмкүн.

Бейшенбек Бекешов, журналист:

“Текебаевдин камалышы Атамбаевдин бийлигинин аякташын тездетет:

Текебаевдин ка­малышы Атамбаевдин бийлигинин убагынан эрте аякташын гана тездетет. Бул бийлик коомдук кырдаалды баамдоого жөндөмсүз. Ошондуктан туура эмес, өздөрү үчүн өтө начар, эл үчүн трагедиялуу кадамдарды жасап жибериши да мүмкүн. Коомчулук бул бийликтин көзү ачыла турган чечкиндүү кадамдарды жасоо менен гана ар кандай балээлердин алдын ала алат.

Рита Карасартова, жарандык активист:

“Текебаевге Кыргызстандан доо арыз жазган адам табылбаптыр го…”

-Шайлоонун алдында эң тажрыйбалуу саясатчыны, кайдагы бир Орусиянын “криминалитет менен байланышы бар,” деп жаткан ишкеринин доо арызы менен кармалганы, бул биздин бий­ликтин өз пикири жоктугун билдирет. Менин жеке оюм боюнча, бул Орусиянын шайлоо алдындагы, биздин саясый аренаны өздөрүнө ылайыктап тазалоо деп айтсак болот. Олку солкулук Текебаевди камаар замат башталды. Бийлик тезирээк акылына келбесе, элибиз эки тарапка бөлүнүп, мыйзамсыз иштер күчөшү мүмкүн. Бул абалды тышкы күчтөр сөзсүз түрдө колдонушат. Менин жеке оюм боюнча, бул башаламандык бизде атайын жасалып жатат. Текебаевге Кыргызстандан доо арыз жазган адам табылбай, кайдагы бир алыскы мамлекеттин, аты таза эмес ишкери аралашып жатканы, чон саясат экенин билдирет.

Чолпонбек Абыкеев, коомдук ишмер:

“Каалайбызбы, каалабайбызбы Ө.Текебаев өлкөдөгү №1 саясатчы”

-Ө.Текебаевди камоо менен бийлик катуу жаңылыштык кетирди. Ө.Текебаевди камабай деле мыйзамдуу жол менен суракка чакырып, иш жүргүзсө бо­лот эле го. Ө.Текебаев эч жакка качпайт болчу. Эл бүгүн Текебаевди күч менен сууруп алат. Каалайбызбы, каалабайбызбы Ө.Текебаев өлкөдөгү №1 саясатчы. Анын тарапташтары жетишээрлик. Бийликтин алсыздыгын, саясий түркөйлүгүн көрсөтүүдө. Ушул керек беле? Бийлик туура эмес кадам жасап алдастап калды. 2005-жылы да, 2010-жылы да ушундай болгон. Бүгүн да ошого баратат. Качан акылыбызга келебиз?

Касымбек Райымкул уулу, адвокат:

“Кыргыз толкуса токтотуу кыйын!”

– Бийлик Өмүрбек Текебаевди камоо ме­нен Кыргызстандагы саясый кырдаалды курчутууга жол ачып койду окшойт. Бирок, Кыргызстанда саясый кырдаал курчуп кетиши күмөн. Анткени, “Ата Мекен” партиясы азыр 2005- 2010-жылдардагыдай күчтүү эмес. Эл дагы ошол убактагыдай кайраттуу эмес. Эгерде “Ата Мекен” мурдагыдай болгондо Таласта миңдеген эл областык администрациянын жанында митинг өткөзүп жатмак. Жер- жерлердеги тынч абал дагы элдин кайдыгер экенинен кабар берет. Чынында бийлик эсине келе турган убакыт келди. Мындай жол менен бара берсе кыргыздар бир толкуйт, ошондо токтотуу мүмкүн болбой калат.

Максатбек Казакпаев, эксперт:

“Мөөнөтсүз митингдер токтобойт!”

Бийликтин Текебаев, Салянова, Шыкмаматов жана ошондой эле тогуз саясатчыны куугунтуктап жатканы кырдаалды курчутту. Эми мөөнөтсүз митингдер Ак үйдүн алдында уланат, андыктан бий­лик адилеттүүлүктү, тынчтыкты кааласа, элге артын салбай келиши керек да, талаптарды угуусу керек.

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр:

“Үлкөн саясатчы”

Биринчи, камакка алуу процедурасы өзү мыйзамсыз болду. Экинчиден, чындыкты моюндашыбыз керек, Текебаев катардагы жөнөкөй эле жаран эмес, саясаттагы үлкөн саясатчы. Кыргыз эли дайыма акыйкатты туу туткан эл, ошондуктан, акыйкатсыздык болуп жаткан жерде, сөзсүз олку – солку саясый аракеттер да күтүлүшү мүмкүн. Текебаевге коюлуп жаткан күнөө сот аркылуу чечимден кийин гана чыгышы керек эле.

Булак: “Майданkg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 87 − 85 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: