Текебаевдин камалышы анын Кипрге сапары менен байланыштуу. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өткөн пресс-конференцияда “Ата Мекен” партиясынын юристи Таалайгүл Токтакунова билдирди.
Токтакунованын айтымында, Кипрге болгон сапарында Текебаевдин колуна Дача СУ айылындагы авиакырсыкка байланыштуу маанилүү маалымат тийген.
– Ал маалыматтарды Текебаев жарыялоого жетишпей калды. Юристтерге, адвокаттарга элге, парламентке жарыялоо үчүн берген. Укук коргоо органдары бул документти биринчи болуп алуу максатында Текебаевди чукул аэропорттон кармаган. Ошондуктан адвокат жолоткон эмес, – деди Токтакунова.
Юристтин белгилешинче, документте Түркиянын атайын кызматынын эмблемасы бар жана анда “өтө жашыруун” деген белги коюлган.
Ошондой эле Токтакунова “Манас” аэропортунун жанында кыйраган учактагы жүк, телефондор жана башка жүк баары “президент Алмазбек Атамбаев жана анын аялына таандык” деп жазылганын айтты.
Юристтин белгилешинче, бул материалдар депутаттык комиссияга гана берилет.
Токтакунова атайын кызмат ушул документти алууну көздөгөнүн жана бул материалдарга байланыштуу жеке өздөрүнө карата да коркунуч жаралып жатканын кошумчалады.
Анын айтымында, кыйраган учакта баалуу таштар, металлдар, электроника буюмдары болгон.
Быйыл 16-январда Дача СУ айылына жүк ташыган учак кулап, 39 адамдын өмүрүн алган. Анын ичиндеги жүк кимге таандык болгону али күнчө так айтыла элек.
Булак: Борбор Азия жаңылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ