Menu

ПолитКлиника: “Өмүрбек Текебаевдин камалышындагы бузулган 13 жагдай”

Бөлүшүү:

1. Өмүрбек Текебаевдин таңкы саат Зтө, чет өлкөдөн командировкадан келе жатканда олуттуу кылмышкер катары аэропорттон кармалып кетиши;

2. Мындан жети жыл мурун «1 млн доллар пара алган» деп россиялык бизнесмендин көрсөтмөсү менен гана УКМК камап койгондугу;

3. Тергөө иши жүрүп жатканда маалыматтардын анык-чынына жете элегинде мамлекеттик телеканалдардан аны кылмышкер иретинде байма-бай көрсөтүлүп жаткандыгы;

4. Тергөө ишинин купуялыгынын сакталбагандыгы;

5. Тергөө учурунда «сыртка чыгып кетпөө, кепилдиги менен эркиндикте болушун талап кылгандардын мүдөөсүнүн аткарылбагандыгы:

6. «Күнөөсүздүк презумпциясы» боюнча кылмышы далилденмейинче, ал адамды кылмышкер катары эсептебей турган принциптин сакталбагандыгы;

7. Кыргызстанда ири мамлекеттик ишмерлердин бийлик тарабынан татыктуу бааланбагандыгы;

8. Чет өлкөлүк жарандардын айткан-дегени менен мамлекеттик ишмерди ири суммадагы паракор катары көрсөтүп коюу аракети;

9. КР мыйзамына ылайык, эгер пара алган болсо, ал дагы, эгер пара берген болсо, берген киши дагы жоопко тартылышы керектигине ылайык, ошол пара бергем деген Леонид Маевскийдин дагы камалбагандыгы;

10. Көрсөтмө берип жаткан россиялык бизнесмендин өз өлкөсүндөгү мыйзамсыз иштери тууралуу көптөгөн маалыматтардын эске алынбагандыгы;

11. Бул ишке саясий боёктун сүртүлүшү жана карапайым элдин адилетсиздикке каршы митингдерге жана нааразылык акцияларына тартылышына жол ачуу коркунучу.

12. Саясий ири ишмер болобу же катардагы жаран болобу, өз өлкөсүнүн жогорку бийлик структурасына ишеним артпай, эртеңки келечекке ишенбей турган жагдайга жол ачылгандыгы.

13. Бийликтин калың элдин талабын четке каккандыгы, коомдук пикирге кайдыгер кароо;

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: