Menu

Кыргызстан боюнча жумушчу кесиптерге даярдоо үчүн кыска мөөнөттүк курстарды ачат

Бөлүшүү:

Бишкекте  жумушчу кесиптер  боюнча акысыз кыска мөөнөтүү  курстарга  Кыргызстандын жарандарын окутуу үчүн түзүлгөн  Көндүмдөрдү  өнүктүрүү  фондунун бет ачары болуп өттү.  

 

Бүгүнкү күндө Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондуна иш берүүчүлөрдөн жана айрым талапкерлерден кыска мөөнөттүү окуу үчүн 5000 өтүнмө түшкөн, анын ичинде азыркы учурда бүткүл өлкө боюнча 3096 адам окутулууда.

Окутуу экономиканын артыкчылык тармактары боюнча: 25тен ашуун жумушчу кесиптерге  жүргүзүлөт: курулуш, тоо-кен, туризм, кийим тигүү өнөр жайы, айыл чарбасы, транспорт жана тамак-аш өнөр жайы.

Кыргыз Республикасынын башталгыч жана орто кесиптик билим берүү агенттигинин директору Таалайбек Чолпонкулов белгилегендей : «Кыргызстанда жыл сайын сапаттуу кадрларга болгон суроо-талап өсүп жатат. Иш берүүчүлөрдүн суроо-талаптарына тез жооп берүү үчүн окутууну  ишканалар  менен бирдикте кесиптик билим берүүчү  окуу жайлардын  базасында  жүргүзүү зарыл. Биз бул демилгени колдоо менен   кесиптик окуу жайларыбызды эмгек рыногунун суроо-талаптарына ылайык  кадрларды даярдоого активдүү тартып жатабыз».

Азыркы учурда өтүнмөлөр боюнча Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу 78 кесиптик-техникалык лицейлердин,   колледждердин,  жана кээ бир өндүрүштүк  ишканалардын базасында    кыска мөөнөтүү окутуу жүргүзүлүп жатат. Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду аркылуу окууга,   артыкчылыктуу максаттуу топторго, квалификациясын жогорулатууга зарыл болгон  ишканалардын/ уюмдардын  кызматкерлери жана калктын социалдык-аярлуу категориялары кирет (жумушсуз жарандар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар). Окууга 16 жаштан 65 жашка чейинки курактагы кыргызстандыктардан билдирмелерди кабыл алынары эскертилет  Фонд республиканын бүткүл аймактарын камтыйт жана иш берүүчулөрдүн суроо –талаптары боюнча алардын кадрларын окутуп, алар менен  жигердүү кызматташат. Ошондой эле бул Фонд кесиптик-техникалык окуу жайлардын мугалимдери менен бирге, өтүнмөлор боюнча кыска мөөнөттүү курстарды иштеп чыгышат жана окуучулардын тобун түзүшот.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду (КөФ) Азия өнүктүрүү банкынын  Экинчи «Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү» долбоорунун алкагында түзүлгөн. Көндүмдөрдү өнүктүрүү фонду жумушчу кесиптер эмгек рыногунун керектөөлөрүнө тез жооп берүү максатында түзүлгөн. Окутуу кыска мөөнөттө 6 айга чейин жүргүзүлөт.

Көндүмдөрдү өнүктүрүү фондунун ишинин алкагында жумушчу кесиптер боюнча 15 000 кыргызстандыктарды окутуу пландаштырылууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 19 = 29

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: